Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Акча которуу: Банк үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү токтому иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет жактан Кыргызстанга банк аркылуу которгон акчасынын суммасы натыйжада кыйла кемип калып жаткан кардарлардын маселеси бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште талкууланууда.

Депутат Дастанбек Жумабеков парламенттин «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө» токтомунун долбоорун сунуш кылып, анын максаты Улуттук банкка коммерциялык банктардын кардарларынын аталган көйгөйүн чечүү боюнча тапшырма берүү экенин билдирди:

«Сегиз ай мурун банк өз кызматы үчүн 0,33% эле кармачу. А бүгүн 3-5% кармап жатат. 1000 доллар которсо, мисалы, 50 долларга чейин кармап коюуда. Ошондуктан ушул токтомду иштеп чыктык контролдоо үчүн. Ишкерлер да, мисалы, экспортко 100 миң долларга товар сатып, акчасы банкка келгенде чыгарып алайын десе 3-5 миң долларын кармап калып жатышат. Кечээ, мына, урматтуу президентибиз да айтып кетти – коммерциялык банктар 20 миллиард сомго чейин киреше тааптыр. Ошол кирешенин баары ушул жерде жатат».

Көпчүлүк депутаттар бул токтомду колдой турганын айтышты.

Ал эми Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков:

"Мыйзам боюнча банктар кардарлар менен келишим негизинде иштешет. Банктар пайыздык чендерди өзүлөрү аныктоого укуктуу", - деп билдирди.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салганы үчүн эл аралык санкцияларга кабылышынын кесепетинен Кыргызстанда доллар кымбаттап, бул валютанын тартыштыгы жаралууда.Чет жактан, айрыкча Орусиядан акчасын которгон мигранттар Кыргызстандагы банктар үстөк пайызы үчүн көп акча кармап коюп жатканын айтып даттанууда. (RK)

XS
SM
MD
LG