Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Тигүү ишканаларын өнүктүрүү боюнча окутуу уюштурулду


Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программа (GTEX) Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Жеңил өнөр жайы боюнча “Кадрлар индустриясы” окуу борборунда атайын окутуу программасын уюштурду. Борбордун кызматкерлери өзүнүн кесиптик жөндөмүн жакшыртып, бизнес-пландарды ишке ашыруу багытында жаңы тажрыйба ала алышты.

Ошону менен катар борбор көрсөткөн кызматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу, кирешени көбөйтүү, окутуунун жаңы программаларын киргизүү долбоору ишке ашырылды.

Management Development Consulting компаниясынын кызматкерлери борбордун ишин жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча маалымат берип, сессияларды өткөрүштү.

Кездеме токуу жана тигүү өнөр жайы боюнча глобалдык программасы (GTEX) Эл аралык ITC соода борбору Швейцария өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG