Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Басынган балалык, катаал тагдыр: Советбек Жумадылов жөнүндө баян


 Советбек Жумадылов “Бакайдын жайыты” (Төлөмүш Океев) тасмасында.
Советбек Жумадылов “Бакайдын жайыты” (Төлөмүш Океев) тасмасында.

Быйыл кыргыз киносунун жана театрынын корифейлеринин бири, Кыргыз эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленди.

Кайталангыс чоң таланттын актердук жана адамдык тагдыры, чыгармачылык сапары тууралуу белгилүү театр таануучу, драматург, публицист, Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулманбетов менен маек курдук.

-Менин алдымда "Советбек Жумадыловдун эки тагдыры" деген китеп турат. Бул китепти былтыр чыгарган экенсиз. Эки тагдыр дегенде анын кинодогу жана театрдагы тагдырын айтсаңыз керек. Бирок мени актёрдун жеке тагдыры кызыктырып жатат. Себеби зор талантта адатта чоң тагдыр болот дешет. Советбек Жумадыловдо да бала күнүнөн баштан эле кыйчалыш учурлар көп болгондой сезилет.

- Драмалуу учурлар, трагедиялуу учурлар деп айтышыбыз керек…

-Адегенде эле атасынын репрессияга кабылып, атылып кетиши. Атасы мугалим болгон экен. Кандай жагдайда атылып кеткендиги тууралуу сиз бул китепти жазууда иликтеген экенсиз. Алгач ошол тууралуу кеп кылсак.

-Атасынын Совет бийлиги орногондон кийинки эң биринчи ээлеген кызматы - Ички иштер министрлигинин өкүлү болгон. Ошол учурда "бул бийдин тукуму, эзүүчү таптын тукуму" деп үстүнөн арызданышкан. Ошондон кийин туулган айылы Аралга кетип, айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп калат. Айылда эки бөлмөлүү үйү бар экен, ошол эки бөлмөсүнүн бирине атайын мектеп уюштуруп, айылындагы балдарды окуткан.

Көл өрөөнүндө агартуучулар көп чыккан, менин жеке көз карашымда, алардын бири дал мына ушул Советбек Жумадыловдун атасы болгон. Ал кишинин абдан билимдүү экени дагы бир нерседен көрүнүп турат. Советтик мезгилге чейин, ал орногондон кийин деле алгачкы жылдарда кимдин кайсыл убакта туулганы белгисиз болгон да. Ал киши болсо өз колу менен Советбек Жумадыловдун туулган күнүн, жылын анын фото сүрөтүнүн артына жазып коюптур. "Советбек, 1931-жыл, 16-февраль" деп жазылып турат. Менимче, сүрөттө Советбек Жумадылов бир жашка чыга эле болсо керек.

-Бирок туулган күнү расмий "1932-жыл, 5-декабрь" деп белгиленип келатпайбы?

-Мунун өзүнчө тарыхы бар. Андан кийин "Батыйпа, 1933-жыл, 20-март" деп өз колу менен латынча жазганы турат. Ал Советбек Жумадыловдун жалгыз карындашы. Кийин 1937-жылы репрессияга кабылганда үй-бүлөсү Аралдан качууга мажбур болушат. Анткени ал жердегилер эл душманынын үй-бүлөсү деп кодулай башташат. Адегенде Тепкеге барып, андан Караколго өтүп кетишет.

-Сөзүңүзгө аралжы, атасына кандай расмий айып тагылган?

-Контрреволюциялык ишмердик жүргүзгөн деген айып тагылган. Аны айыптоого ошол эле айылда жашаган өзүнүн эле жакын тууганынын каты себепкер болгон. Ал тууганы айылдык кеңештин төрагасы кызматын өзү ээлегиси келсе керек. Ошол себептүү арыз жазган.

-Ал кишинин өзүнүн тагдыры кандай болгону белгилүүбү?

-Кийин ал киши да репрессияланган. Анткени система ошондой болгон. Ал адамдын ким экенин айылдагылар баары билишет, бирок ушул күнгө чейин ачык эч ким айтпайт. "Ал ким эле?" деп сурасаң, "анын тууган-уругу, небере-чөбөрөсү бар, айтыштын кажети жок" дешет.

Эми 5-декабрь деп эмне себептен жазылып калганы боюнча. СССРдин 1936-жылы кабыл алынган Конституциясы бар. Ошонун негизинде биз Кыргыз ССРи болуп түзүлгөнбүз. Менин түшүнүгүмдө, кийин мектепке бара турган болгондо энеси Бурул апа ошол Конституция күнүн уулунун туулган күнү деп жаздырып койгон. Туулган жылынын бир эмес, эки жылга артка жылып кетиши ошол себептүү.

-Атасы тигинтип сүрөтүнүн артына жазып кеткен деп да айталбайт эле да ал кезде.

-Кантип айтмак эле! Жумадылов деп айткандан да корккон мезгил эле. Анткени бир нерсе болсо эле эл душманынын баласы дейт да. Ал абдан кыйын шартта чоңойгон. Көзүнүн тирүүсүндө Фуртичевге берген маегинде, өзү "мен жыңайлак жүрүп окугам" деп айткан. Атүгүл бут кийимге жеткен эмес. Мына ушундай оор шартта окуп билим алган. Кийин Караколдо (ал кездеги Пржевальск) мектепте окуп жүргөндө алты жашына чейин Арал айылында ойноп чоңойгон көчөлөрүн сагынып, ал жакка барып бир сыйра ыйлап алып, анан кайра кетчү экен. Мына ушундай басынган, кысынган оор тагдыр башынан өткөн.

Атасы мугалим, агартуучу болгондуктан, анын таасири менен келечектеги залкар режиссёрубуз Жалил Абдыкадыров экөө Пржевальскидеги мугалимдер окуу жайына кирип, аны ийгиликтүү аяктаган. Аны бүткөндөн кийин "Мен инструктор болом, шаардык комитетте же облустук комитетте иштейм" десе, энеси "Ал жакка такыр жолобогун, ал жакта сени атаңдын тагдыры күтүп турат!" деп коркуп, уруксат бербей коёт. Ошондон кийин Жалил Абдыкадыров экөө консерваторияга кирмекчи болушуп, бирок кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жиберип, кечигип калышат. Баары бир окуш керек деп, Ташкенттеги театралдык институтка - бирөө режиссёрлукка, экинчиси актерлукка тапшырат.

Ошол институтта окуп жүргөн мезгилде да моралдык жактан катуу басынган экен. Алгачкы курстарында чүнчүп, көпкө чейин өз дараметин ача алган эмес. Биз кийин барып окуп жүргөндө Лола Ходжаева, Ольга Чернова деген деген педагогдор "Советбек!" деп эле ооздорунан түшүрчү эмес. Ошондой педагогдор "жок, муну институттан кетиргенге болбойт, мындан бир нерсе чыгат" деп тырышып 3-курска чейин кармап жүрүп, Жумадыловдун таланты 3-курста ачылып чыга келген.

-Жумадыловдун эскерүүлөрү же өзүнүн бир ачылып берген маектери, ички сырларын төккөнү байкалбайт. Мен буга кызыгып замандаштарынан да сураштырып, алардан да уга алганым жок. Ушунун баары атасына байланыштуу болсо керек жана бул өзүнүн жеке тагдырына да таасир эткен окшойт. Турмушта түнт киши турбайбы.

-Ооба, түнт, унчукпаган киши болчу. Бирок Фуртичевге берген ошол маегинде көп нерселерди айтып берген экен. Мен дагы бул кишиден маек алган учурларым болду, бирок мен эч качан анын жеке тагдыры тууралуу сурачу эмесмин да. Үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу эч качан сураган эмесмин. Чыгармачылык, театр, кино жөнүндө сүйлөшчүбүз.

-Энесинин, карындашынын тагдыры кандай болду?

-Энеси кийинчерээк каза болду. Алтымышка чыкканга чейин Жумадылов өзүнүн туугандары менен катышкан жок. Туугандарынын көбү Жумадылов бар экенин унутуп да калса керек. Кийин катышыптыр.

Төлөмүш Океев менен Советбек Жумадылов. “Бакайдын жайыты” тасмасын тартуу учурунда.
Төлөмүш Океев менен Советбек Жумадылов. “Бакайдын жайыты” тасмасын тартуу учурунда.

-Кыргыз үчүн бул дагы бир өзүнчө өкүт, өксүк болсо керек. Кызыгы, турмуштагы ушундай түнт, жабык адам театрда, кинодо эң чоң, күчтүү актёр болуп чыгып жатат. Бул кишинин актёр катары жылдызы качан жанган?

-Бул киши Кыргыз драма театрына 1953-жылы келген. Ошол мезгилде таланттуу жаштардын бир мууну келген. Алардын ичинде Гүлшара Дулатова да бар эле. Ал дагы күчтүү актриса болгон.

Бизде Мамат Рыскулов деген режиссёр болгон. Ал киши окууну бир жыл мурун, 1952-жылы бүтүп келген. Анын тагдыры да өтө оор болгон, жетим балдар үйүндө өскөн. Ошол режиссёр биринчи жолу Жумадыловго "Тар капчыгай" спектаклинде Мухтардын ролун берет. Мухтар - интеллигент. Биз баарыбыз Жумадылов комедияны катырып ойногон, карапайым айылдык кишилердин мүнөзүн мыкты ачкан актёр деп көнүп калганбыз. Жок, ал театрда интеллигенттин ролун мыкты аткаргандыгы менен таанылган. Ошол учурдагы театр сынчылары, актёрдун кесиптештери Мухтардын ролуна оң баа беришкен. Кийин 1957-жылы Токтоболот Абдымомуновдун "Ашырбайы" коюлган. Анда Солтобайды ойнойт. Ал Дадыйдын тилине кирип бир тууган агасы Ашырбайды өлтүрөт. Ошол жерде Жумадыловдун талантынын дагы бир кыры ачылат. Театрда Станиславский айткан актёрдун кубулушу (перевоплощение) деген түшүнүк бар эмеспи, Жумадылов ошол кубулуунун чебери экени көрүнөт. Мындайча айтканда, интеллигент жана киши өлтүргүч. Бир тууганын өлтүрөт. Бул албетте, Библиядан бери келе жаткан Абыл менен Кабылдын темасы.

1960-жылы театрда Чеховдун "Ваня авасы" коюлган. Ошондо Ваня ава – Войницкийди Жумадылов, Елена Андреевнаны Бакен Кыдыкеева ойнойт. Убагында москвалык театр сынчылары да бул тууралуу жылуу пикирлерин жазышкан. Аталган спектаклден тартып кыргыз театрында реализмдин доору башталат деп айтылат. Ага чейинкилерди жакшы билебиз, ашкере патетикалуу, баары көтөрүңкү пафосто коюлган, революциялык дем болуш керек болгон, жалган болсо да сөзсүз революцияны даңазалаш керек болгон. Ал эми биз сөз кылып жаткан спектаклден тартып адамдын өмүрү, тагдыры, ички жашоосу, толгонуулары өзгөчө мааниге ээ болот. Демек, биздин театрдагы психологиялык реализмдин негиз салуучулары – Советбек Жумадылов менен Бакен Кыдыкеева десек болот. Булар - интеллектуал актёрлор. Ушул жагына дайыма көңүл бөлүшүбүз шарт. Болбосо Жумадыловду Акжолтой же көчөдөгү Ормотойдун бейнеси аркылуу көрө беришет. Жок, андай эмес.

-Сиз Бакен Кыдыкееваны айтып калбадыңызбы. Бакен Кыдыкеева Советбек Жумадылов экөө бир учурда чыккан, өнөктөш мыкты таланттар. Биз буларды көрүүчү катары абдан жакшы тааныйбыз, биздин учурдагы жатка билген актёрлорубуз. Эми бул экөөнүн кызматташтыгы кандай болгон жана жеке мамилелери кандай эле?

-Бул экөөнүн кызматташтыгы ошол "Тар капчыгайдан" башталат деп айтышыбыз керек. Бакен Кыдыкеева эже мурда эле Кыдыкеева болчу. 1950-жылдары Дездемонанын, ага чейин 40-жылдары эле Жессинин ролун аткарып, белгилүү болгон. Театрдагы биринчи өнөктөшү Муратбек Рыскулов болгон. Ал "Курманбекте" Айганыштын, ал эми Рыскулов Тейитбектин ролун ойногон. Кийин "Добулда" Катеринаны, Рыскулов Дикойду ойногон. Мына ушундай баскычтардан өткөн.

Ал эми 1957-жылдан баштап Жумадылов бир спектаклде эле Мухтардын ролун ойной баштаса, Бакен эже Майсалбүбүнү ойнойт. 60-жылдары жана мен айтып өткөндөй, "Ваня авада" ойношот. Ал эми 1961-жылы Ч.Айтматовдун "Бетме-бет" повести сахналаштырыла баштайт. Бакен Кыдыкеева Сейдени ойносо, Советбек Жумадылов Мырзакулдун ролун аткарат. Аталган спектаклдеги экөөнүн ордун өзгөчө белгилешибиз зарыл.

-Китебиңизде Бакен Кыдыкеева менен Советбек Жумадылов театрдан куулган деп жүрөт. Буга эмне себеп болгон?

- Менимче, экөөнүн театрдан куулушуна таланты себеп болсо керек. Бирок экөөнүн ортосунда жакын мамиле бар, "Коммунизмди куруучунун моралдык кодексине" туура келбейт деген шылтоо менен кетиришкен. "Моралдык кодекс" дал ошол 1961-жылы кабыл алынып атпайбы. Театрдан айдалганда кийин Бакен эже "Кыргыз телефильмде" "Алымканда" тартылып калат, ал эми Жумадылов болсо "Эл чыгармачылыгы" үйүндө режиссёр болуп иштеп калат.

-Экөөнүн ортосунда чын эле жылуу мамиле болгонбу?

- Негизи, бул ачык айтыла турган тема эмес. Бирок экөөнүн ортосунда жеке мамиле болгонун үй-бүлөлөрүнө, балдарына чейин жакшы билишкен. Анткени Эркин эже (жубайы-ред.) оорулуу болгон. Аны баары жакшы билишет. Ал кургак учуктун ачык түрү менен ооругандыктан, ооруканада көп жатчу. Эркин эже дагы таланттуу актриса болгон, актердук курстун эң сулуусу болуп эсептелген. Бирок тагдыр эми ушундай кеселге туш келтирип койсо кыйын да. Эркин эженин көзү өткөндөн кийин Бакен эже чын эле Жумадыловдордун үй-бүлөсүнө келин болууга даярданып калган. Эмне себептен мындай мамиле экөөнүн ортосунда уланбай калды, аны мен айта албайм.

Советбек Жумадылов “Караш-Караш окуясы” (Болот Шамшиев) фильминде.
Советбек Жумадылов “Караш-Караш окуясы” (Болот Шамшиев) фильминде.

-Жеке жашоосунда Советбек Жумадылов бактылуу болгонбу?

-Менимче, биринчи аялы менен жашап турганда да, кийинки аялы Сагын эжеге үйлөнгөндө да албетте, бактылуу учурлары болду. Эркин эжени аябай жакшы көрүп үйлөнгөн, анын ооруп калышы, бул албетте, трагедия. Ал эми Сагын эже аны чыгармачылык дареметин да, адам катары да бардык жагынан колдоп турган.

- Таланттуу адамдардын мүнөзү ар кандай болот деп айтышат эмеспи. Советбек Жумадылов үй-бүлөдө кандай күйөө, кандай ата болду экен деген да суроо туулат.

- Кандай ата болгон деген суроого өзүм уккан бир эле кызыктуу окуяны айтып жооп берейин. Советбек байкенин азыр кичүү уулу Марат эле калды. Ал Эркин эжеден. Мараттын жубайы "балдарым төрөлгөндө атабыз келип кошо киринтчү" деп эскерет. "Сен жалгыз киринте албайсың, сага жардам бериш керек" деп, өзү кармап, өзү жууп, кадимкидей сүлгүгө ороп, анан карматчу экен.

-Ошол учурда актёрлорду колдоо жакшы эле болгонбу, үй-бүлөнү багууга жетиштүү каражат табышканбы?

-Советбек Жумадылов жетиштүү каражат таба алган. Себеби театрдан башка кинодо дагы, теледе дагы, радиодо дагы, дубляжда дагы Жумадыловго муктаж болушкан. Анткени бул кишинин эске тутуусу феноменалдуу болгон. Дубляжга барганда (ал убакта ошондой болчу да) бир көргөндөн кийин эч кандай кошумча даярдыксыз кайталап кете берген. Төлөмүш Океев экөө киностудиянын жертөлөсүндө беш жыл дубляж менен алектенишкен. Ал убакта Төлөмүш Океев Ленинграддан бүтүп келген үн оператору, ал эми Советбек Жумадылов жаш актёр болгон. Төлөмүш Океевдин "Актёр кандай болуш керек экендиги боюнча мен Жумадыловдон көп нерсени үйрөндүм" деп айтканы бар.

Дубляжда иштөө аны абдан такшалткан. Анын дикциясы аябай так, интонациясы адамга таасирдүү эле. Ошон үчүн ал бардык жерде керектүү эле. Өзгөчө Болот Шамшиев менен тарткан "Караш-караш окуясында" биздин аң-сезимди өзгөртө турган фильм жаратышкан. Жарасбайдын образы өзгөчө чечмеленген. Биз бул тасмага чейин эзүүчү тап катары байларды башкача көрчү элек. Алардын баары тең зулум, канкор, ачкөз, кээде аңкоо көрсөтүлчү. Терс каарман деген түшүнүктүн да өтө ашынган сыпаттоолоруна ээ болчу. Ал эми Жумадыловдун каарманы өтө акылдуу, эл арасында кадыр-баркы бар, мырза киши.

Советбек Жумадылов менен Айтурган Темирова. Геннадий Базаровдун "Айың" тасмасында.
Советбек Жумадылов менен Айтурган Темирова. Геннадий Базаровдун "Айың" тасмасында.

-Кино тууралуу кеп кылып калбадыңызбы. Геннадий Базаровдун "Кутум" деген тасмасы бар эмеспи. Ошонун каарманы Кайнардын ролун жаратуу үчүн Советбек Жумадылов түрмөдө реалдуу кесилген кишилердин арасында эки күн жашаптыр.

-Туура. Муну чыгармачылыкка болгон өзгөчө мамиле деп айтсак болот. Мен бир нерсени айткым келет. Мен студент кезде театрда жарык берүүчү болуп иштегем. Ошондо Жумадылов спектакль башталардан эки саат мурда келчү. Башка бир дагы актёр же актрисалардын мурда келгенин байкачу эмесмин. Жумадылов сахнада ары-бери басып, ролун кайталап, даярданып турчу. Бул анын өз кесибине болгон урмат-сыйынын, жоопкерчилигинин далили.

-Бул киши көркөм жетекчи да болгон экен. Канча убакытка болду эле?

-Кайра куруу деп айтып жатпайбызбы, ошонун шарапаты менен бизде бир топ өзгөрүүлөр болуп кетти. Чыгармачыл адам биринчи болуш керек, көркөм жетекчи сөзсүз театрдын башында туруш керек деген Москвадан башталган нерсе бизге да жеткен. Мына ошондо Жумадылов менен Гүлсара Ажыбекованын талапкерлиги коюлган. Көпчүлүк Жумадыловду колдоп, көркөм жетекчи болуп калды. Болгону бир жылга жакын иштеди. Эми театрда интрига көп да, көркөм жетекчи болбой эле коюш керек болчу…

- Кадыры кетип калды дейсизби?

-Кадыры кетип калган жок. Жумадыловдун кадыр-баркын кетириш өтө кыйын. Өзүнө оор болуп калды. Жүрөк ооруга кабылды.

-Сиз Искендер Рыскуловду башкы режиссёрлуктан алганга Жумадыловдун тиешеси бар деп жазып жатасыз. Ушул туурабы?

-Ооба, түздөн-түз тиешеси бар.

- Бул эми актердун өксүгүбү?

-Мен айткан интрига деген ушундай да. Жумадылов 1985-1989-жылдары Рыскуловдун алты спектаклинде башкы ролду ойногон. Рыскулов таланттуу актёрлорду, актрисаларды гана тандачу. Оштон Кыргыз драма театрына келгенден кийин жалаң Жумадылов менен иштешип калган. Жумадылов дегенде эт-бетинен кетчү.

1988-жылы Москвада "Улуттар театры" деген ачылган. Аталган театрдын максаты улуттук (СССР аймагында – ред.) театрларда коюлган эң мыкты спектаклдерди Москвага алып келип көрсөтүп туруу болгон. Ошого бизден "Кылым карытаар бир күн" спектакли барган жана башкы ролду Советбек Жумадылов ойногон.

Рыскуловду москвалыктар аябай жогору баалашчу. Албетте, бул спектаклди борбордук телевидение тартыш керек деп чечишкен. Эртеси борбордук телевидение келгенде Жумадылов даяр эмес болот. Эки таланттын ортосундагы араздашуу мына ушундан башталат. Экөөнүн ортосунда чыр-чатак ырбап отуруп, Жумадылов Рыскуловду кызматтан алдырганга чейин барат. Мунун айынан Рыскулов көпкө чейин оңоло алган жок. Бирок баары бир талант да, кийин да эки-үч мыкты спектакль жаратты. Ошентсе да анын кээрин Рыскуловдон дайыма көрүүгө болот эле.

-Бул эми таланттуу кишилердин ортосунда боло жүргөн демейки пикир келишпестикпи?

-Пикир келишпестик эмес, менимче, бул жерде башка нерсе. Жумадылов менен Рыскуловду кагыштырган интрига тууралуу айтыш керек. Биринчи кезекте ошол Жумадыловдун колтугундагылар аны Рыскуловго каршы тукурушкан.

-Жумадыловдун жолун баса турган шакирттери барбы?

-Жумадылов биздин театр окуу жайында көркөм жетекчи болуп иштеген. Бүгүн ошол окуу жайына Жумадыловдун ысымы берүү тууралуу буйрук чыга элек болуш керек, бирок чечим бар. Ал өзү ушул менин шакиртим деп бирөөнү айта албайт болуш керек. Анткени чыгармачылыкка баш-оту менен берилген адам эле, ошондуктан шакирт даярдаганга убактысы болгон жок.

Мен мурда Рыскулов эмне үчүн шакирт даярдабайт деп ичимден ойлочумун. Ал кантип даярдайт? Эмне, отургузуп алып окутабы? Кааласаң карап отур, менин кандай иштегенимди көрүп үйрөн дегенден башка эч нерсе кылбайт. Негизи башкалар таасирленет. Жумадыловдон да таасирленгендер толтура. Айталы, Болот Шалтаевдин чыгармачылыгынан таасирленгендер абдан көп. Биз да ошол Болот Шалтаевди туурап ойночубуз. Мына ошол таасирленгендерди шакирт деп айтсак болот.

Театрдын ичинде Жумадыловго, анын талантына мамиле өзгөчө болчу. Анын деңгээлин баары жакшы билишчү.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG