Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтердин долбоору даярдалды


Кыргыз-өзбек жумушчу топтору жолугушуусу. 27-декабрь, 2022. Ош.
Кыргыз-өзбек жумушчу топтору жолугушуусу. 27-декабрь, 2022. Ош.

Ош шаарында 23-27-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп жазылган маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар протоколго кол коюп, кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтө турган болду.

Эки өлкөнүн президенттери чек аранын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга ноябрдын соңунда кол койгон.

Ага чейин Жогорку Кеңеш келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алган.

Мунун алдында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG