Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Кароосуз калган 13 бала Орусиядан алып келинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Орусиядан кароосуз калган, ата-энеси таштап кеткен 13 бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 26-декабрдагы жыйынында билдирди.

"Биздин мамлекет аралык келишимдердин негизинде таштап кеткен же эне-атасынан ажырап калган балдар социалдык-стационардык мекемелерде кармалат. Биз быйыл 13 баланы алып келдик. Ал жерде чын эле көйгөйлөр бар экен. Таштап кетип жатышат, айрымдарынын аты-жөнү жок. Аларды бул жакка репатриация кылып жатабыз", - деди Базарбаев.

Расмий маалыматка караганда, балдарды кайтаруу аракети Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен жүргүзүлөт.

Министрлик кайтып келген балдарды оболу биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табууга мүмкүн болбосо, асыроого берүү маселеси каралат.

2021-жылы Орусиядан Кыргызстанга ата-энеси таштап кеткен ондон ашуун бала кайтарылганы кабарланган.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Ошондон бери Казакстан, Ирак жана Орусиядан 160тай бала Кыргызстанга жеткирилген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG