Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

“Талибан” бейөкмөт уюмдардагы аялдардын ишке келишине тыюу салды


Ооганстанда бейөкмөт уюмдарга аялдардын иштөөсүнө тыюу салуу буйругу берилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги талибдердин Экономика министрлигинин катына таянып жазды.

Документте талибдердин исламдык дресс-кодун карманбаганы үчүн бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге кийинки эскертүүгө чейин жумушка келүүгө тыюу салынганы айтылат.

Министрликтин өкүлү Абдулрахман Хабиб бул кат Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүү программасы боюнча координациялык агенттикке (ACBAR) кирген уюмдарга жөнөтүлгөнүн Reuters агенттигине билдирди. ACBAR 80ден ашуун жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын башын бириктирет.

БУУ бул агенттиктин мүчөсү эмес, бирок гуманитардык ишмердүүлүк үчүн Оооганстандагы бейөкмөт уюмдар менен кызматташат. Гуманитардык кызматкерлер анда иштеген аялдардын Ооганстандагы кыз-келиндерге жардам берүүдө ролу чоң экенин белгилешет.

Буга чейин Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салган. 20-декабрда чыккан буйрук дароо жана белгисиз мөөнөткө күчүнө кирген. БУУ, АКШ жана Британия бул чечимди катуу айыптады. Ага дейре кыздар орто мектептерге баруу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган.

Былтыр жайында бийликке келери менен “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) ашынган фундаменталисттик ыкмаларынан баш тартып, 20 жыл ичинде өзгөргөнүн көргөзүүгө далалаттанган, байистүү саясат жүргүзүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG