Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:32

Түрмөдөн Украинага жөнөтүлгөн эки тажик мигранттын сөөгү жерге берилди


Манучехр Шодов жана Бобоазиз Туйдиев.
Манучехр Шодов жана Бобоазиз Туйдиев.

Тажикстандын Хатлон облусунда Орусиянын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатып күтүлбөгөн жерден Украинадагы согушка тартылып, ошол жакта каза болгон эки мигранттын сөөгү жерге берилди.

Бул тууралуу "Озоди" радиосу каза болгондордун жакындарына шилтеме кылып билдирди.

Маалыматка караганда, Бобоазиз Туйдиев маңзат сактоого айыпталып 2021-жылы кармалган жана алты жылга эркинен ажыратылган. Анын атасы Тохир Туйдиевдин белгилешинче, 23-сентябрда баласы телефон аркылуу байланышып, "аларды согушка жөнөтүп" жатканын айткан.

"Мен аларды согушка жөнөтпөшү керектигин айткам, бирок Бабоазиз башка аргасы жок экенин айтты. Аларды өз эркине койбой эле жөнөтүп жибергендей туюлду", - деген атасы.

22 жаштагы Бабоазиз Тудиевдин сөөгү Орусиядан Тажикстанга 12-декабрда жеткирилиген. Анын тууганы "Орусиянын бийлиги сөөктү алып келүүдө эч кандай жардам бербегенин, колуна курал кармап көрбөгөн жигитти согушка жөнөтүп жибергенин" айткан.

28 жаштагы Манучехр Шодовдун сөөгү Кушониен районуна коюлду. Анын атасы баласынын согушка алып кеткенин андан жашырышканын билдирген. "Эч нерсе деп айта албайм, доом деле жок, баламды өлтурүштү", - деген. Маркумдун достору ал Санкт-Петербургдагы түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатканын айтышкан.

Өлкөнүн бийлиги Орусияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан тажик жарандарын согушка жөнөтүп жатканы тууралуу маалыматты ырастап же төгүндөй элек. Буга чейин Тажикстандын Екатеринбургдагы консулдугу абактагы тажикстандыктар менен байланышып жатканын, бирок согушка жөнөтүү боюнча айтылбаганын билдиришкен.

"Озодинин" жазганына караганда, Орусиянын айрым жерлеринде коомдук транспорттордо орус армиясына кызмат өтөөгө чакырган тажик, кыргыз, өзбек тилинде жарнамалар илинген учурлар катталган.

Мындан сырткары Орусиянын Москва шаарында мигранттарды Украинага каршы согушка катышуу үчүн келишим түзүүгө үндөгөн баракчалар таратыла баштаганын Sota Телеграм-каналы өзүнүн катталуучуларына шилтеме кылып жазган.

XS
SM
MD
LG