Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Орусияда такси айдагандар ФСБга жүргүнчүлөр тууралуу маалымат берип турат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Мамлекеттик думасы такси кызматтарын жүргүнчүлөрдүн эки жакка каттаганы тууралуу маалыматтарды жарым жыл сактап, коопсуздук органдарына өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун жактырды. Документ Думанын сайтында жарык көрдү.

2015-жылдан бери иштелип келаткан долбоор быйыл майда депутаттардын кароосуна берилген. Ага ылайык, такси кызматтары ФСБга өзүнүн маалымат системасынан пайдалануу укугун берүүгө тийиш.

Акыркы бир жыл ичинде айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылгандар, оор беренелер менен айыпталып, соттуулугу жоюла электер, шаарды канчалык билерин текшерген тесттен өтпөй калгандар жана үчтөн көп айып пулду төлөбөгөндөр такси айдоочу болуп иштей албайт. Бул тууралуу Сибирь.Реалии сайты маалымдады.

Орусиялык "Яндекс.Такси" жүргүнчүлөргө тиешелүү маалыматтарды атайын кызматтарга берасмий берип тургандыгы үчүн сынга кабылып келген.

Өлкө мыйзамдарында кылмыш ишинин алкагында бардык уюмдар күч органдарына маалымат өткөрүп берүүгө милдетттүү деп жазылган. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, маалыматты атайын кызматтын кайрылуусуз алып турса болот.

XS
SM
MD
LG