Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Ош: күйүүчү май куюлган цистерналар оодарылып, киши өмүрү кыйылды


ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.
ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

21-декабрда Ош шаарына жакын жайгашкан Нариман айыл аймагындагы темир жол станциясында күйүүчү май куюлган үч цистерна оодарылып кетип, бир кишини басып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 59 жаштагы жаран ошол жерде каза болгон.

Окуя "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун" мунай базасына жакын жайгашкан станцияда болгон. Каза болгон киши ошол жайда жөндөөчү (регулировщик) болуп иштечү. Андан башка 22 жаштагы эркек киши жараат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Анын абалы туруктуу экени маалымдалды.

Кырсык тууралуу маалымат 21-декабрда саат 23:48де келип түшкөн. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын түштүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Азиза Ханкожоев алты цистернаны ӨКМдин мунай базасына киргизип жаткан учурда алардын үчөө оодарылып кеткенин билдирди.

Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматы жана өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган. Учурда май куюлган цистерналарды бошотуп, каза болгон кишинин сөөгүн чыгаруу иштери жүрүп жатат.

Быйыл 24-июнда Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу машине жолдон чыгып кетип оодарылып, алты кишини басып калган. Алардын баары - бир аял, кош бойлуу келин, кичинекей үч кыз жана ымыркай окуя болгон жерде каза болгон.

Ага чейин 21-майда Кадамжай районундагы Чечме айылында Өзбекстан менен чектешкен жердеги чек ара бекетинде оор жүк ташуучу унаа катышкан катуу жол кырсыгы катталып, сегиз адам каза болгон. Кырсыкка кабылган машине Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таандык экени, ал Кадамжайдагы айылдарга селдин кесепеттерин жоюу үчүн техника алып бара жатканы аныкталган.

XS
SM
MD
LG