Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкек мэриясы майрамдык салютка 755 миң сом жумшаларын билдирди


Бишкек мэриясы быйыл Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдар түстүү фейерверктер атуу менен аяктай турганын билдирди. Ага шаардык бюджеттен 755 миң сом каралган.

Мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, 2023-жаңы жылды тосууга майрамдык программа даярдалып жатат. Ал чыгармачыл жамааттардын жана эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот.

Мекеме жалпы майрамдык иш-чарага кете турган чыгымдын суммасын кабарлаган жок.

Соңку эки жылдан бери жаңы жыл майрамында салют атылган эмес. 2021-жылы мэрия экологиялык абалдын начарлашына байланыштуу жаңы жылдык салюттан баш тарткан.

2020-жылы коранавирус инфекциясынан улам өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чыгымдарды кыскартуу максатында фейерверк атпоо чечими кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG