Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Орусияда Георгий тасмасына акаарат келтиргендер жазага тартылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Мамлекеттик думасы Георгий тасмасына акаарат келтиргендерди жоопко тартуу тууралуу мыйзамды жактырды. Ал үчүн 5 миллион рублга чейин айып пул салуу же 5 жылга чейин абакка кесүү каралууда. Тиешелүү маалымат думанын расмий сайтында жарыяланды.

Тасманы аскердик атак-даңктын символуна теңөө мыйзамы парламенттин төмөнкү палатасына апрелде киргилизген. Документ биринчи окууда сентябрда кабыл алынган.

Мыйзам тасманы тарыхый окуяларга байланышпаган иш-чараларда пайдаланууга жол бербейт. Бирок бийлик "кеңири иш-чараларда колдоно алары" айтылат.

Георгий тасмасы Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин символу катары 2000-жылдын ортосунан тарта пайдаланыла баштап, иш жүзүндө Кремлдин саясатына лоялдуулук деп каралып калды. Аны Донбасстагы жикчилдер өз символуна айландырган. Тасмага Украина, Молдова, Латвия жана Литвада тыюу салынган.

Быйыл Жеңиш майрамынын алдында Казакстандын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Алматынын тургундарын башка өлкөлөрдүн символдорун, анын ичинде Георгий тасмасын тагынбоого чакырган.

Кыргызстанда жарандык активисттер Орусиянын империялык саясатынын эн белгиси катары 9-майда Георгий тасмасын тагууга тыюу салууну сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG