Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Акылбек Жапаров Майлуу-Суу лампа заводун тынбай иштетүүнү тапшырды


Өткөн айдан тартып Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алууга милдеттендирилген.
Өткөн айдан тартып Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды Майлуу-Суу лампа заводунан сатып алууга милдеттендирилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-декабрда Майлуу-Суу лампа заводуна байланыштуу кеңешме өткөрдү. Анда ишкананы, айнек идиштерди чыгаруу, айнек эритүүчү мешти оңдоого байланыштуу долбоорлордун бет ачары болду. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров заводду тынбай иштетүү керектигин айтты:

"Завод керек болсо күнү-түнү, бир нече нөөмөт менен иштеши керек. Министрлер кабинети ишканага бюджеттик кредит берди жана биз насыя каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөйбүз. Шаардагы маанилүү ишкананын өндүргөн продукциясы талап кылынган бардык стандарттарга жана жогорку сапатка дал келиши керек. Завод бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштер менен камсыз кылышы зарыл",-деди Акылбек Жапаров.

Өкмөт бул заводго 1 миллиард сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлгөн жана биринчи траншта анын 400 миллион сому берилген.

Өткөн айдан тартып Кыргызстанда мамлекеттен каржылануучу дээрлик бардык мекеме-ишканалар жарык берүүчү лампаларды бул заводдон сатып алууга милдеттендирилген. Мындай талап президент Садыр Жапаровдун бул ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү, жарык-техникалык тармакты өнүктүрүү, Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу тескемесинде жазылган.

Акылбек Жапаров быйыл июнда парламентте лампа заводун өкмөт өзүнө кайтарып алганын маалымдаган.

1967-жылы ачылган завод 1974-жылы 1 миллиард электр лампасын өндүрүүгө жетишкен. Советтер Союзунан кийин иши солгундаган заводду 2003-жылы орус ишкерлери 3,6 миллион долларга сатып алышкан, бирок мамлекетке карызы көбөйгөндүктөн, 2009-жылы ишкана банкрот деп жарыяланган. Кийин ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун банкроттук иштер боюнча департаментинин карамагына өткөн.

XS
SM
MD
LG