Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:31

Тажикстан ооган качкындарын депортациялоо себебин түшүндүрдү


Ооган качкындары. Пакистанда тартылган сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.
Ооган качкындары. Пакистанда тартылган сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду.

Ооганстандык качкындар жергиликтүү мыйзамдарды бузганы үчүн Тажикстандан депортацияланды. Бул тууралуу тажик өкмөтү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жолдогон баяндамада айтылат. Буга чейин ооган качкындары мекенине күч менен чыгарылып жатканына даттанышкан.

Өкмөттүн баяндамасы БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине быйыл ноябрда жөнөтүлгөн. Документте ооган качкындарынын жашоого уруксат берилбеген райондор менен шаарларга мыйзамсыз барышы депортациянын бирден бир себеби болгону айтылат.

Ооган качкындарынын басымдуу бөлүгү Дүйшөмбүдөн 30 чакырым алыстагы Вахдат шаарында отурукташкан. Алардын көбү легалдуу жашап жатканын жана БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы берген күбөлүктөрү бар экенин айтып келишкен.

Эл аралык уюмдар тажик бийлигин мекенинде коркунуч күтүп турганына карабастан ооган качкындарын депортациялап жатканы үчүн сынга алышкан. "Азатыктын" тажик кызматы БУУнун сентябрдагы маалыматына таянып билдиргендей, быйыл Тажикстандын бийлиги бери дегенде 85 ооган качкынын өлкөдөн чыгарган.

Тажикстандагы ооган качкындары 5-сентябрда тажик президенти Эмомали Рахмонго кат жазып, күч менен мекенине депортациялоо жараянын токтотууну өтүнүшкөн.

БУУнун тиешелүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, 2022-жылдын жай айларына карата Тажикстанда ооганстандык 8500 качкын жана башпаанек издеген жарандар катталган. Алардын 5700ү былтыр августта ооган бийлигин талибдер басып алгандан кийин келген.

Ооганстандыктардын көбү Тажикстанды транзит катары пайдаланып, андан ары Канадага же Европадагы башка мамлекеттерге чыгып кетүүнү каалашат. Соңку бир жылда Тажикстанга келген 4 миңдейи үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG