Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Казакстан: ишкерлер, блогерлер түзгөн "Республика" партиясы каттоодон өттү


"Алга, Казакстан" оппозициялык партиясын түзүүнү сунуштаган демилгелүү топ. Иллюстрациялык сүрөт.
"Алга, Казакстан" оппозициялык партиясын түзүүнү сунуштаган демилгелүү топ. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын юстиция министри Канат Мусин "Республика" партиясы каттоодон өткөнүн билдирди. Ал 19-декабрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, башка партияларды каттоого байланыштуу иштер жүрүп жатканын, айрымдары "документтери мыйзам талабына жооп бербегендиктен биринчи айлампадан да өтө электигин" айтты.

Министрдин ырасташынча, каттоого байланыштуу арыз бергендердин арасында оппзициялык "Алга, Казакстан" партиясы да бар.

"Республика" партиясы ушул айдын башында биринчи курултайга чогулган жана негиздөөчүлөрү катары ишкерлер жана бир катар блогерлер көрсөтүлгөн. Zakon.kz сайты партиянын төрагасы болуп ишкер Айдарбек Хожаназаров дайындалганын жазган.

Ушул жылдын башында оппозициялык активисттер партияга биригүү үчүн демилгелүү топ түзүүгө байланыштуу тизмелерин берген. Бирок Юстиция министрлиги "тизме мыйзамдын талабына жооп бербейт" деген жүйө менен кабыл алуудан баш тарткан.

Өткөн айда "Жашылдар" жана "Байтак" партиялары баштаган жети партия каттоодон өткөн.

Жаңы партияларды каттоо президент Касым-Жомарт Токаев сентябрь айында 2023-жылдын биринчи жарымында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөөрүн билдиргенден кийин башталган.

Казак мыйзамдарына ылайык, саясий партияларды Юстиция министрлиги каттайт. Бийлик каттооо жол-жобосу жеңилдегенин, пайыздык босого азайтылганын айтып келет. Бирок оппозиция өкүлдөрү бийликке жакпаган партиялар каттоодон өтпөсүн белгилешет.

Казакстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылы өткөн жана анда "Нур Отан" (ушул жылдын март айында "Аманат" болуп өзгөргөн), "Ак жол" жана Казакстан элдик партиясы уткан. Бул үч партия тең ага чейинки парлманенттин үч чакырылышында тең шайланып келген.

XS
SM
MD
LG