Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы шайланат


Темир Сариев, Жодар Сайдилканов, Авазбек Керимбаев.
Темир Сариев, Жодар Сайдилканов, Авазбек Керимбаев.

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт. Азыр палатанын жыйыны башталып, талапкерлер өзүнүн программасын тааныштырып жатат.

Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин 15-декабрда жактырган.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:

  • Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев.
  • INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов.
  • “Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Бул органдын регламентине ылайык, талапкер болуп палатада буга чейин мүчө болуп келген, экономикалык чөйрөдө жана мамлекеттик кызматта беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адам каттала алат.

Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коёт. Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Анын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар.

XS
SM
MD
LG