Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Министрлик: Сасык тумоонун өсүшү басаңдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку эки күндө Республикалык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына 700дөй адам кайрылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" саламаттык сактоо министринин дарылоо боюнча орун басары Улан Садыков билдирди. Ал өткөн аптага салыштырмалуу сасык тумоо бир аз басаңдаганын белгиледи.

“Өткөн суткада Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына эле 700дөй адам кайрылды, алардын 20-25% дарыланууга жатты. Палаталар жетишсиз, бирок кызматкерлер кошумча койкаларды ачып жатат. Айрым бөлүмдөр да сасык тумоого кабылгандарды кабыл ала баштады. Күнүнө 350дөн кем эмес бала кайрылууда. Алардын көбүнүн дене табы жогору болууда. 600дөн ашык адам стационарда жатат. Ооруканалардын баары толгон. Бирок оорунун өсүшү басаңдап жатат. Мурда оорукана миңге чейин бейтаптарды кабыл алып келген, - деди Садыков.

Кыргызстанда курч респиратордук вирус жуктургандар жана сасык тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган. 5-11-декабрь аралыгында 14 миң бейтап катталган, ага чейинки бир аптада бул көрсөткүч 9 миңдин тегерегинде болгон.

Бейтаптардын 68% 14 жашка чейинки курактагы балдар экени кабарланган. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги 15-декабрдан тартып өлкөдөгү бардык мектептер жана 168 бала бакча 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG