Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Абакта ачкачылык кармаган эки активисттин абалы начарлады


Активисттер Орозайым Нарматова жана Перизат Суранова темир тор артында отурушат. Сот залы. Декабрь, 2022-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Активисттер Орозайым Нарматова жана Перизат Суранова темир тор артында отурушат. Сот залы. Декабрь, 2022-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылды. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган.

"Кечээ дагы "Тез жардам" келди. Аны дене табы 37,5 болуп жатат. Башынан бери эле дене табы түшпөй жатат. "Тез жардам" кызматы дагы деле "ооруканага алып баруунун кажети жок" деп жатат. Биз эки күндөн бери суранып жатабыз, "ооруканага алып барып текшергиле" деп жатабыз. Мурдагы күнү дагы Сурановага "Тез жардам" чакырылган. Анда Орозайым Нарматованы дагы текшеришкен. Анын дагы ден соолугу жакшы эмес. Орозайым суу, дары ичип жатат. Экөөнүкү тең тахикардия болуп жатат. Орозайымдын кан басымы жогорулап, кайра төмөндөп жатканы коркунучтуу",- деди ал.

Акыйкатчы 19-декабрдын түнү абакта ачкачылык кармап саламаттыгы начарлап кеткени айтылган Перизат Сурановага кирип чыккан. Анын айтымында, Сурановага "Тез жардам" чакыртылып, бирок активист абактан медициналык жардам алуудан баш тарткан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди.

Алардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын айтты. Ал ошондой эле ачкачылык кармагандардын бири, оор абалда экени айтылган Перизат Сурановага "Тез жардам" кызматы чакырылып, медициналык кароодон өткөрүлүп, ооруканага жаткырууга негиз жок деген корутунду чыгарылганын маалымдады.

“Учурда айыпталуучунун жалпы абалы канаттандыраарлык. №21 мекеменин медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ошондой эле ага ачкачылык кармоонун саламаттыгына тийгизген терс таасири жана тобокелчилиги жөнүндө түшүндүрүлдү”.

Укук коргоочулар абакта ачкачылык кармап жатып саламаттыгы начарлагандардын ооруканага жаткырууну талап кылып жатышат. Алар активисттердин өмүрү коркунучта экенин эскертишет.

Ал ортодо президент Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар тууралуу соңку билдирүүсүнө байланыштуу 12 адвокаттын турган топ ага кайрылуу жолдоду. Анда өлкөнүн Конституциясына ылайык, президент адамдын жана жарандын укугунун гаранты экени эске салынган жана анын айткандары сынга алынган.

"Жалпы эл, камалгандар сизден акыйкаттуу, мыйзамдуу чечимди, көз карандысыз пикирди, Кемпир-Абад ишине байланышуу камалгандардын бузулган конституциялык укуктарын жана кызыкчылыктарын калыбына келтирүүнү күтүп жатканда сиз адепке жат, кесипкөй эмес, осол билдирүүңүз менен кыргыз энелеринин үмүтүн жана жүрөгүн жараладыңыз. Кырдаалга акыл калчап, көз карандысыз жана кесипкөй баа берүүнүн ордуна сиз айыптаган позицияга өтүп алдыңыз. Сиз камалгандардын ата-энелерин "туура эмес тарбия берген" деп күнөөлөдүңүз. Сиз кызылдай текеберчиликти көрсөттүңүз. Муну менен демократиянын, сөз эркиндигинин демин буудуңуз. Биз, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жактоочулары сизди мындан ары кармалгандардын тарбиясы тууралуу комментарий берүүдөн, алардын аракеттерин баалоодон карманууга чакырабыз. Күнөөсүздүк презумпциясын эч ким жокко чыгарган эмес",- деп жазылган кайрылууда.

Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

"Ошол камакта жаткандардын дээрлик 90 пайызы жабык өтүп турган чогулуштардын баарына бир эмес, эки-үч жолудан катышкандар. Демек, Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен", - деди президент.
Ал абактагы аялдарды үй камагына чыгаруу чакырыгына да оюн билдирип, кайрылгандар "мурдараак кыздарын, аялдарын тыйып, акыл үйрөтүүгө тийиш болчу", - деген Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин кошумчалаган.

Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде кабарланган болчу. Активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө Суранованын абалы оорлогонуна байланыштуу укук коргоочулар менен чогуу №1 тергөө абагына барышканын жазып чыкты.

"Камерада чогуу отургандар ал кан аралаш заара кылып жатканын ырасташты. Өзү баса албайт. СИЗОнун санитардык бөлүгүнө аны бир нече жолу замбил менен көтөрүп барышкан. СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөй жатат. Биз медициналык жардам чакырып, Орозайым менен Перизатты ооруканага жаткырууну талап кылабыз", - деп жазды Кудайбердиева.

Кыйноолорду алдын алуу борбору билдиргендей, камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына 19-декабрда алты күн болду. Алгач сегиз киши 14-декабрда ачкачылык акциясын баштаганын жарыялашкан, акырындап алардын катары калыңдаган.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 17-18-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык кармап аткандардын айрымдары менен жолугушуп чыгышты. Аталган борбор активисттер Орозайым Нарматова, Перизат Суранова жана Али Шабдандын абалы оор экенин, бирок алар ачкачылык кармоону токтотуу тууралуу чакырыкка көнбөй койгонун билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, бийликти басып алуу аракети тууралуу кылмыш ишине айыпталган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат.

"Экс-депутат, активист Орозайым Нарматова, Перизат Суранованын абалы оор, Али Шабдан да алсыраган абалда, ал өзү ашказанында жара бар экенин айтты. Кыйноолорду алдын алуу борбору Нарматова менен Суранованын абалына тынчсызданып, Жаза аткаруу кызматын аларды ооруканага жаткырууга, медициналык көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берүүнү өтүнөт”, - деп билдирген аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков.

Ал эми укук коргоочулар камалгандардын арасынан саясий ачкачылык кармагандардын саны 20га жеткенин билдиришти.

Активист Суранованын абактан жазган каты Фейсбукка жарыяланды.

"Абалым оор. Дайыма 90-60 калыбында болуп келген кан басымым 130-90 болуп жатат. Төрт күн ачкачылыктын эки күнү кургак ачкачылык. Оозума ачуу кермек даам менен жагымсыз жыт келип жатат. Дене табым 37 градустан түшкөн жок. Абактагы дарыгерлердин жардамынан баш тарттым",- деп жазылган анда.

Ал өзүнүн бөгөт чарасын караган сотто күнөөсүз экенин, бийликтин куугунтугу менен камалганын айтып, саясий ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Ачкачылыктан баш тарттыруу аракети

Акыйкатчынын орун басары Алберт Колопов 18-декабрда эртең менен дагы ачкачылык жарыялагандардан кабар алып чыкты. Анын айтымында, жекшемби күнү тергөө абагынын дарыгерлери ачкачылык кармаган төрт адамдын абалын карап чыгып, аларды саламаттыгына залал келтирчү чарадан баш тартууга үндөшкөн.

Колопов алар тамак-аштан баш тартып, саясий ачкачылыкты улантуу жолун тандаганын айтты:

Алберт Колопов.
Алберт Колопов.

"Дарыгерлер алардын дене табын өлчөштү. Дене табы баарыныкы ченемде. Фельдшерлер ошондой эле алардын кан басымын текшеришти. Кан басымдары азырынча жайында, бирок алсыздык бар деген жыйынтык чыгарышты. Ачкачылык кармагандар медиктердин такай кароосунда болуп жатыптыр. Дарыгерлер менен кошо алардын абалын сурап, ден соолукка залал келтирип албоо үчүн ачкачылыкты кармоодон баш тартууну сурандык. Бирок угушкан жок. "Сиздердин ишиңиздер мыйзам чегинде каралып жатат, адвокаттар иштеп жатышат, биринчи кезекте ден соолук керек" деп биз дагы өз оюбузду айттык. Суранова менен сүйлөшө алган жокпуз. Ал уктап жаткан экен. Сооронкулова, Карасартова жана Нарматова менен сүйлөштүк. Нарматованын ашказаны ооруп, жүрөк оорусу да бар экен. Ошондуктан ал тышка чыгарууга - медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө муктаж экен".

Кемпир-Абад маселеси боюнча 25 адам быйыл октябрь айынын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган. Алардын арасынан башында жети киши, кийин аларга 13 киши кошулуп, жалпысынан 20 адам саясий ачкачылык кармаганын жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда. Жаза аткаруу кызматы 17 адам ачкачылык жарыялаганын кабарлап, бирок алардын абалы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ачкачылык кармагандардын абалына бийлик көңүл бурушу деп эсептейт:

"Бул иште саясий боёктор болгондуктан, эми алардын ишин кароодо саясий чечим болушу шарт. Бул маселени чече турган президенттин өзү. Азыркы учурда айыпталуучулардын бардыгы бөгөт чарасына даттанып, жогорку соттук инстанцияларга кайрылышкан. Азыр бул иш боюнча кармалган 24 адамдын арасынан 20сы ачкачылык кармаган. Биз азыр албетте, алардын саламаттыгынын абалына тынчсызданып жатабыз. Бүгүн төрт күн болду. Ачкачылык кармаганда бешинчи, алтынчы күнү адамдын абалы кризистик абалга келет".

12-13-декабрда сот жүрүп жатканда абактагы айрым саясатчылар жок дегенде аялдарды бошотууну суранып, абакта отурган эки ай ичинде мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын ден соолугу начарлап кеткенин айтышкан болчу. 18-декабрда Асия Сасыкбаева 70ке толду.

Бул ишти караган Бишкектин Биринчи май райондук соту “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

Бир катар укук коргоочулар, адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырып келет.

Кыргыз милициясы жана бийлик шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Кубанычбек Жолдошев

    "Азаттыктын" иликтөө журналисти. Ош мамлекеттик университетин бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG