Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54

Баткен ардагерлери тийиштүү колдоо көрбөй жатканы айтылды


Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен, 1999-жыл.
Баткен согушунда барымтага алынган жапон геологдорунун турак жайы. Баткен, 1999-жыл.

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясында душманга каршы күрөшкөн аскер кызматкерлеринин макамын аныктоо жана аларга мамлекеттен колдоо көрсөтүү маселеси бүгүн 14-декабрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутаттар ошол кездеги Баткен окуясынын да, чек арадагы кийинки окуялардын да ардагерлери колдоого муктаж экенин айтышты.

Депутат Кундузбек Сулайманов "Демек, террористтер келгенде катышкандар эсепке алынбай калдыбы, аларды колдоп жатып, эми иш өтүп кеткенден кийин алардын кереги жок болуп калдыбы?" деп суроо койду.

Коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов маалымат берип, бүгүнкү күндө Баткен окуясынын ардагерлерине өкмөттөн жеңилдиктер каралбаганын айтты:

“Азыркы убакта Баткен коогалаңынын ардагерлерине эч кандай жеңилдетүүлөр жок. Бул боюнча биз жумуш алып баруудабыз. Бир эле ошол Баткен окуясы эмес, кийинки Баткен окуяларынын катышуучулары боюнча да сунуштарды берип жатабыз. Макулдашууда азыр”.

1999-2000-жылдардын жай айларында “Өзбекстандын ислам кыймылы” (ӨИК) террордук уюмунун 200-1000 согушкери эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бокбашы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп кирген. “Баткен согушу”, “Баткен окуясы”, “Баткен коогалаңы” деген ат менен тарыхта калган бул окуяда согушкерлер Зардалы айылында мектеп менен мечитте 45 күн бою өзүнүн кара байрагын илип турушкан, адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Аларга каршы аскердик операцияга 1500-2000 кыргызстандык аскер тартылган. 54 адам курман болуп, 130дан ашыгы жаракат алган. Качкындардын саны 4-8 миңге жеткен.

Баткенде аскер кызматкерлери тартылган окуялар андан бери кыргыз-тажик чек арасында катталып келе жатат. 2021/2022-жылдар эң көп жоготууларга алып келген оор жылдар болду. 2021-жылы апрелде өлкө 36, ал эми 2022-жылы сентябрда 63 жаранынан айрылды.

1999-2000-жылдардагы окуянын ардагерлери өкмөттөн аларды согуштун катышуучусу деп таанып, мамлекеттик жардамды ошол макамга жараша көрсөтүүнү талап кылып буга чейин бир нече жолу пикетке чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG