Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда кезектеги тарыхый максимум катталганын бүгүн, 12-декабрда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

“Былтыркы кышта бул кезде суткасына калкыбыз 55 млн. кВт/саат электр энергиясын алып жаткан болсо, быйыл суткасына 70 млн. кВт/саат болууда. Былтыркыга салыштырганда 15 млн. кВт/саатка көп”,-деди Талайбек Байгазиев.

Ал ошондой эле кечкисин электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көлөмү бул күндөрү 3,3 миң мегаватт болуп жатканын, былтыр ушул маалда 3 миңге жетпеген деңгээлде болгонун кошумчалады.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСи кадимки тартипте иштеп жатат, суу сактагычтагы суунун көлөмү 12,1 млрд. метр куб болууда, бул былтыркыдан 1,4 млрд. метр кубга жогору. (RK)

XS
SM
MD
LG