Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Мектеп окуучуларынын каникулу 30-декабрда башталат


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу 30-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Каникул 2023-жылдын 10-январында аяктап, окуу 11-январда башталат.

Кыргызстанда орто жана башталгыч мектептерде 1,4 миллиондон ашык бала билим алат. 2300дөн ашуун орто мектеп бар.

2021-2022-окуу жылы пандемияга байланыштуу 15-сентябрда башталып, 9-июнда аяктаган. Бул чечим коомчулукта бир катар сын-пикирлерди жараткан. Быйыл сабактар 1-сентябрда башталды, 25-майда аяктайт деп айтылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG