Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Орусия фронттун дээрлик бардык линиясында соккуларын улантты


Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. Соңку карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызыл түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. Соңку карта.

Орусиянын армиясы соңку суткада Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы согуштук фронттун дээрлик бардык линиясында удаа соккуларды жасады.

Ошол эле маалда Херсон облусунун чек арасындагы айылдарга да авиациялык жана артиллериялык чабуулдар болду. Соңку суткада реактивдүү артиллериялык куралдардан жалпы жонунан 50дөн ашык аткылоо болду. Бул соккулардан бир нече адам өлүп, ондогон киши жараат алганы маалымдалды.

Украин күчтөрү Луганск облусундагы Белогорский районунда жана Донецк облусундагы Клищевка жана Марьинка калктуу пунктарында орус армиясынын мизин кайтарганын маалымдады. Донецкидеги Бахмут жана Авдеевка шаарларында айыгышкан кармаштар уланды. Украин тарап да орус күчтөрүнө ракеталык жана артиллериялык аткылоо менен жооп берди.

Орусиянын армиясы Украинага быйыл 24-февралда басып кирген. Украина Батыш өлкөлөрүнөн жардам алып, куралдуу күчтөрүн бир сыйра чыңдагандан кийин августтун аяктарында контрчабуулдарын баштаган. Натыйжада украиндер Харьковдун басымдуу аянтын сентябрда бошоткон. Алар орус тарапты Николаев облусу менен Херсон облусунун бир бөлүгүнөн ноябрь айында сүрүп чыкты.

Ушул күндөрү орус күчтөрү жана жикчилдер Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Харьков облусунун азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Иш жүзүндө фронттун жарым линиясы Днепр дарыясынан бөлүнүп калды. (ErN)

XS
SM
MD
LG