Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Токаев элчилердин катарында күйөө баласын да кызматтан алды


Касым-Жомарт Токаевдин күйөө баласы Темиртай Избастин.
Касым-Жомарт Токаевдин күйөө баласы Темиртай Избастин.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Грузиядагы, Болгариядагы жана Литвадагы элчилерин кызматтан бошотту. Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы кабарлап, тиешелүү жарлыктарды жарыялады.

Токаев башка жарлыктары менен ушул эле кызматтарга башка кишилерди элчи кылып дайындады.

Кызматтан бошотулгандардын арасында Токаевдин кичүү карындашы Карлыгач Токаеванын күйөөсү Темиртай Избастин да бар. Избастинди ал өзү 2019-жылы президент болуп турган маалда Болгарияга элчи кылып дайындаган.

Темиртай Избастиндин бир туугандары да чоң кызматтарды ээлешет, бизнес түзүмдөрдө карьера жасашкан. Алардын бири Болгарияда Dami Investment, Dami International жана SD Property Investments аттуу курулуш компанияларына ээлик кылчу. Мындан сырткары бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү “Аби Петролеум Кэпитал” аттуу мунай компаниясына кожоюндук кылат.

Казакстандын Юстиция министрлиги ушул жылдын апрель айында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, Токаевдин күйөө баласы элчилик кызматтан алынарын билдирген. Өлкөдө 5-июнда өткөн референдумда Конституция өзгөртүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG