Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

УКМК: "Бүтүн Кыргызстандын" парламенттеги үч кызматкери иштен кетти


Жогорку Кеңештин имараты.
Жогорку Кеңештин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү Жогорку Кеңешке кызматка мыйзамсыз алынганына байланыштуу кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүргүзгөнүн бүгүн 1-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, партиянын парламенттеги фракциясынын лидеринин кеңешчиси менен жардамчысынын жана катчылыгынын экспертинин “Эмгек китепчесинен” жалган маалыматтар аныкталган.

Кылмыш иши “жасалма документ колдонуу” беренесинин негизинде козголуп, биринчиси Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен, калган экөө өз арызы менен иштен кетишкени маалымдалды.

“Азаттык” бул боюнча комментарий алуу үчүн партия лидерине жана фракциянын катчылыгына телефондон кайрылып, байланышка чыга алган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG