Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамдарды өзбек тарап да бекитти


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы бүгүн 30-ноябрда билдирди.

Өзбек тараптын маалыматына караганда, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишим 13 беренеден турат, ал жалпы узундугу 302,29 чакырымдык, анын ичинде 35 участок камтылган чек ара тилкесин аныктайт. Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагындагы 4957 гектар жер жана плотинаны тейлөө-коргоо үчүн кошумча 19,5 гектар өтөт, Кыргызстанга кенемте катары 1 019 гектар жайыт жер өтөт.

Ошондой эле, өзбек тарап билдиргендей, Кыргызстанга аталган суу сактагычтын жээгине курулбай калган Кемпир-Абад каналы үчүн кенемте иретинде Гавасай участогунан 12 849 гектар жер өтөт, Кыргызстан ал жерге гидротехникалык же башка курулуштарды салууга укугу болбойт.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жана Чечме булагы жайгашкан участоктун суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселеси өзүнчө келишим менен жөнгө салынары да белгиленди.

Ал эми “Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашуу тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы ал документ 11 беренеден турарын, суу сактагычтын суу ресурстарын чогуу башкаруу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөнүн, өзбек тарап өзүнө сууну горизонталь боюнча 900 метрден жогору эмес деңгээлде кармап туруу, Кыргызстандын жарандарына малын жана жерин сугарып, балык улоосуна тоскоолдук жаратпоо, суу сактагычтын тегерегине инженердик-техникалык курулуштарды курбоо милдетин алып жатканын билдирди. Кыргызстан сууну коргоо зоналарын орнотууга жана сууну пайдалануу тартибин сактоого милдеттенме алып жатканы айтылды.

Өзбек тарап суу сактагычтын коопсуздугун камсыздап, аны эксплуатация кылары, техникалык жактан тейлеп, сууну кыргыз тарап менен макулдашылган лимитке ылайык коё берип турары, Өзбекстандын 8 миңдей фермердик чарбасын суу менен үзгүлтүксүз камсыздап, 2,5 миллион тонна айыл чарба продукциясын өстүрүп, 500 миллион долларга экспорттоого мүмкүнчүлүк жаралары кошумча белгиленди.

Жогоруда аталган келишимди жана макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга кыргыз президенти Садыр Жапаров кечээ 29-ноябрда кол койгон.

Келишимге жана макулдашууга быйыл 3-ноябрда Бишкекте Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кол коюшкан.

Аларды ратификациялоо маселеси Жогорку Кеңеште 17-ноябрда дароо үч окууда каралып, кабыл алынган. 64 депутат колдоп, 19у каршы добуш берген.

Процедурага ылайык, мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Өзбек парламенти - Олий Мажлистин Сенаты келишим менен макулдашууну 18-ноябрда жактырган. Документке 100 сенатордун баары бир добуштан макул болушкан.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиянн суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынган. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG