Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Министр ыйман жана “Манас” сабактары боюнча пикирин билдирди


Уланбек Мамбетакунов.
Уланбек Мамбетакунов.

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов мектептерде ыйман сабагын жана “Манас” таануу курсун окутуу маселеси боюнча пикирин билдирди. Бүгүн 28-ноябрда түз эфирде суроолорго жооп берип жатып ал ыйман сабагы окутулса атайын талаптарга жооп бергидей болушу керектигин, баланы ыйманга тарбиялоодо ата-эненин да жоопкерчилиги бар экенин белгилеп, “Манас” таануу курсу туура эмес окутулуп калган учурлар бар болуп жатканын айтты:

“Министрликтин өзүнүн талабы бар. Ошол эле физика же химия мугалими ар бир сабакта окумуштуулардын мисалында тарбия процессин жүргүзүшү керек. Азырынча бул предметти (ыйман сабагы – ред.) киргизе албайбыз. Бирок адистер адеп боюнча класстык сааттардын, класстан тышкаркы иш-чаралардын усулдарын даярдашкан. “Манас” сабагы кыргыз адабиятынын алкагында курс катары кирген. Сааты, бирок, жетиштүү болбой жатат. Кээде “Манас” таануу сабагы эмес эле “Манас” айтуу сабагы болуп калып жатат деп мугалимдерге айттым. Эпостон үзүндү жаттап койсо эле окуучу “Манасты” билип жатканы эмес. Эпостун ичинде табият да, тарых да, маданият да бар. Ошону түшүндүрүп беришибиз керек”.

Министр Мамбетакунов бүгүн мекеменин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу “1,5 саат министр менен” түз эфирине катышып, суроолорго жооп бери. Мамбетакунов бул кызматка быйыл октябрь айында дайындалган. Кыргызстанда 1200дөй орто мектеп бар. (RK)

XS
SM
MD
LG