Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Reuters: Киев менен Москва өкүлдөрү Араб Эмираттарында жолугушту


Орус туткунунан бошотулган украиналыктар.
Орус туткунунан бошотулган украиналыктар.

Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Бириккен Араб эмираттарында жолугуп, туткундарды айырбаштоо жана аммиак экспортун талкуулашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги ысымын атабаган булагына таянып жазды. Маалыматка караганда эки тараптын өкүлдөрү Араб Эмираттарында 17-ноябрда Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн ортомчулугу менен жолугушкан. Сүйлөшүүдө кандай жыйынтыкка жетишилгени беймаалым.

Украинанын Түркиядагы элчиси Василий Бондардын айтымында, туткундарды айырбаштоо орус аммиагын экспорттоого жол ачуу шартынын бир бөлүгү.

Орусия жыл сайын тышка 4,4 миллион тонна аммиак экспорттойт. Анын көп бөлүгүн Марокко, Түркия, Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери алат. Бириккен Улуттар Уюму согуш башталганы дүйнөдө аммиак таңкыстыгы жаралып жатканын билдирген. Деңизге орус аммиагы Тольятти-Одесса түтүгү аркылуу жеткирилчү. Бул жол аркылуу Москва жылына 2,5 миллион тонна аммиак экспорттоп келген.

XS
SM
MD
LG