Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:51

Катар: Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял реферилер калыстык кылат


Дохадагы чемпионат өтө турган стадиондун алды.
Дохадагы чемпионат өтө турган стадиондун алды.

Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык кылат. Спорттук иш-чаранын ачылышы 20-ноябрда өтөт. Башкы арбитрлердин арасында франциялык Стефани Фраппар, руандалык Салима Мукансанга жана жапониялык Йошими Ямашита бар. Алардын жардамчылары да аялдар болот.

Катар мындай масштабдагы чемпионат өткөрүп жаткан Жакынкы Чыгыштагы биринчи өлкө. 18-ноябрда Катар бийлиги стадиондордо сыра сатууга тыюу салды.

Өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, өзгөчө стандиондорду курган жумушчулар туш болгон адилетсиз мамиле көп сынга кабылып келатат. Жазында 24 укук коргоочу уюм жумушчулар жапа чеккен “кыянаттыктарды” жоюуну Катар бийлигинен талап кылган. Алардын айтымында, чет өлкөлүк жумушчулар - көбү Азия менен Африкадан келгендер кордукка кабылган, начар шарттарда кээде дем алышсыз иштөөгө мажбур болушкан. Алардын ашыкча иштеген сааттары үчүн акы берилбегени кабарланган.

XS
SM
MD
LG