Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:32

Өкмөт пландаган айыл чарба насыясынын жарымынан көбү бөлүнө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өкмөт быйыл жеңилдетилген шартта бөлүп берүүнү убада кылган айыл чарба насыясынын жарымы да дыйкандарга жете электиги бүгүн 18-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ыйман нуру” фракциясынын жыйынында белгилүү болду.

Келерки жылдардын бюджети талкууланган жыйында каржы министри Алмаз Бакетаев депутат Заирбек Мамасадыковдун суроосуна жооп берип жатып быйылкыга пландалган 10 миллиард сомдун 3,4 миллиарды бөлүнгөнүн айтты:

“Быйыл биз агро өнөр жай тармагына кластердик негизде долбоор түзүп ишке ашырабыз деген планыбыз аябай чоң эле – 10 миллиардга, андан кийин 26 миллиардга чейин жеткиребиз деген. Бирок быйыл жалпысынан 3 миллиард 400 миң сом бөлүп бердик” .

Депутат Мамасадыков дыйкандар жазгы талаа иштерине январь-февраль айларында даярданарын, ал эми быйыл жеңилдетилген айыл чарба насыясы май-июнь айларында берилгенин, акча айылдарга жетпей жатканын билдирди:

“10 миллиард акчадан, өзүңүз айтып жатасыз, 3,4 миллиард сом бөлүп бердик деп. Үч банк жетишпей жатат. Шайлоочулардан кайрылуу көп. Дыйкандарга жетпей жатат ушул кредит”.

Өкмөт фермерлерге жеңилдетилген агрокредитти 6 пайыздык үстөк менен “РСК”, “Керемет” жана “Айыл банк” банктары аркылуу берет. (RK)

XS
SM
MD
LG