Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Футбол: Орусия менен Тажикстан тең чыкты


Тажикстандын футболчулары.
Тажикстандын футболчулары.

Футбол боюнча Орусия менен Тажикстандын курама командаларынын жолдоштук беттеши 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Оюн 17-ноябрда Дүйшөмбү шаарынын борбордук стадионунда өттү. Эки өлкөнүн командалары улуттук кураманын деңгээлинде биринчи жолу күч сынашты.

Оюн Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана Европанын футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) уруксаты менен өткөндүктөн беттештин жыйынтыгы ФИФА курамалардын жаңы рейтингин түзүүдө эсепке алынат. Ушул тапта ФИФАнын бул рейтингинде Орусия 33-орунда, Тажикстан 108-сапта.

Быйыл сентябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте жолдоштук беттеш өткөргөн. Оюн 1:2 эсебинде орусиялыктардын пайдасына аяктаган.

20-ноябрда Орусиянын футболчулары Өзбекстандын улуттук курамасы менен кез келет.

Март айында ФИФА жана УЕФА Орусиянын улуттук курама командаларын жана бардык клубдарын эл аралык футбол мелдештеринен убактылуу четтеткен. Мындай чечим Орусиянын Украинага кол салганына жооп иретинде кабыл алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG