Кемпир-Абад суу сактагычынын тегерегинде жайгашкан айылдарга кенемте төлөө маселеси бүгүн 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жаңы мыйзам талкууланып жатканда көтөрүлдү.
Депутат Улукбек Ормонов “Кемпир-Абад толгон жерден көчүп чыккан элдин баары ошол суу сактагычтын тегерегиндеги беш айыл өкмөтүнө жайгашканын”, суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору кылбай кармап туруу жөнүндө келишим кабыл алынган күндө деле ошол айылдар үчүн коркунуч сакталарын айтып, атайын фонд түзүүнү сунуш кылды:
“Себеби 900гө чыкканда дагы деле кесепеттери болот. Ошондой эле үйлөргө жакындаганда жер алдындагы суулар көтөрүлөт. Жылына бөлүнүүчү фонд түзүлсө. Ошол фонддон беш айыл өкмөтү колдонуп, кесепеттерди жоюу боюнча иштер болмок”.
Ормонов 900 деген горизонталь Кызыл-Октябрь, Кароол, Алга айылдарынын чегине кирип келерин кошумчалады.
Жыйынга катышып жаткан президент Садыр Жапаров бул маселенин кыргыз-өзбек макулдашуусуна түз тиешеси жок экенин белгилеп, атайын фонд түзүү тууралуу демилгени колдой турганын билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев суунун деңгээлин төмөндөтүү тууралуу сүйлөшүүлөр оңой болбогонун белгилеп, “Эгерде биз 900гө түшүрбөй, 908де калтыра турган болсок, Кызыл-Октябрь айылынын жарымы суунун астында калмак. Ушундай келишимдер түзүлгөн, ошол келишимдер менен азыр жашап келатабыз. Айыл суунун астында калбаш үчүн, сууну тартыш үчүн 900гө түшүрдүк. Ошондо да суу айылга жакындап калып жатат. Мунун моюнга алышыбыз керек”, - деди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.
Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар – мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.
Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (RK)