Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Шаардык сот Илгиз Шаменовду камакта калтырды


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

17-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Илгиз Сарылдык уулун (Шаменов) камакта калтырды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-октябрда аны 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Илгиз Сарылдык уулунун адвокаттары райондук соттун чечимине каршы арызданып, шаардык сот аны канааттандырган жок.

Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген. Илгиз Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт.

23-октябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен.

Анын алкагында Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” дээрлик бардык мүчөлөрү - 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, чет элдик элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG