Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:46

НАТОнун чабармандары Польшага Орусиянын ракеталары түшкөн деген кабарды талкуулайт


Ракета түшкөн жер. Польша. 15-ноябрь, 2022-жыл.
Ракета түшкөн жер. Польша. 15-ноябрь, 2022-жыл.

НАТОнун чабармандары Польшага Орусиянын ракеталары түшкөн деген кабарды талкуулайт.

Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО) чабармандары 16-ноябрда чукул жыйынга чогулуп, Орусиянын Украинаны бутага алган эки ракетасы Польшага түшүп, эки адамды набыт кылганы тууралуу маалыматты талкуулашмакчы.

Жолугушуу альянстын 4-беренесинин негизинде өткөрүлөрүн Reuters эки анонимдүү европалык дипломатка шилтеме кылып билдирди.

Альянсты түзүү келишиминин 4-беренесине ылайык, НАТОнун кайсы бир мүчөсү өзүнүн “аймактык бүтүндүгү, саясий көз карандысыздыгы же коопсуздугу коркунучта" экенин сезсе, мүчөлөр ал маселени карайт.

"Биз 4-беренени колдонуунун жүйөсүн текшерип жатабыз, - деди Польшанын улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Яцек Сивиера,- Биз негизги өнөктөштөр менен абдан интенсивдүү байланыштабыз".

15-ноябрда Польшанын чыгышындагы чек арага жакын айылга эки ракета түшкөн. Алар Польшанын аймагына өтүп кеткен орусиялык ракеталар деп кабарланган.

Польшанын президенти Анджей Дуда АКШнын президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ак үйдүн маалымдашынча сүйлөшүүдө Байден Польшанын жардырууларды иликтөөсүнө АКШнын толук колдоосун сунуштады.

Орусия өз ракеталары Польшанын аймагына түшкөнүн четке кагып, муну кырдаалды курчутуу үчүн "атайылап жасалган провокация" деп билдирди.

Шейшембидеги жардыруудан кийин Польшанын Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулду. Айрым аскер бөлүктөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилгени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG