Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды. Документтин маалымкат негиздемесинде азыркы колдонуудагы ченемдик укуктук актынын айрым пункттарында кээ бир кемчиликтер болуп жаткандыгына байланыштуу, аталган ченемдик укуктук актынын иш жүзүндө аткарылуусунда тоскоолдуктар болуп жатканы белгиленген.
"Анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруу боюнча чечим байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет, ал чечим тууралуу маалыматты жабырлануучу тарапка маалымдоо максатка ылайыктуу. (...) Ошону менен бирге "арыз берүү учурунда таркатылган ишенимсиз маалыматтардын топтому тастыкталган болушу керек", - деп белгиленген документте. Арыз ээси жалган маалыматтардын далилин кантип тастыктап бериши керектиги документте көрсөтүлгөн эмес.
Мындан сырткары министрлик “интернет-провайдер” деген сөздү кошууну сунуштоодо.
Октябрь айынын ортосунда Жогорку Кеңештин депутаттар тобу «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.
Анда мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” экени белгиленген. Демилгечи депутаттардын пикиринде, мыйзамдын азыркы редакциясында карама-каршылыктар жана коррупциялык коркунучтар бар, себеби бардык укуктар арызданган тарапка гана берилип калган жана мамлекеттик органдар анын арызынын негизинде эле сайтты бөгөттөп кое алышат.
Мыйзам долбоорунун авторлору экинчи тарапка да укук берүүнү, алардан арыз түшө турган болсо, сайтты бөгөттөөнү токтото туруу керектигин сунуш кылып жатышат.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылдын август айында кабыл алынган, ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршы болушкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.
Ага ылайык, эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт фейк маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөт.(КЕ)