Кыргызстанда айдоочулар бирикмелеринин өкүлдөрү Жол фондун түзүүгө каршы болууда. Мындай пикирин алар бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жүрүп жатканда билдиришти.
“Жүк ташуучулар ассоциациясынын” төрагасы Максатбек Дүйшөкеевдин айтымында, жакында 1,5 миңдей киши катышкан жыйында көпчүлүгү Жол фондуна каршы болушкан:
“Жол фондун кое туруп биринчи кезекте туз даярдайлы, ДЭУга машина даярдайлы. Кар күрөйлү десек күрөгөнгө машинасы жок. Транспорт министрлигине барсак жергиликтүү бийликке шылтайт, аларга барсак, министрликке шылтайт. Жол фонду болбогон нерсе, акчаны чогултушат да ошо бойдон жок болот. Азыркы акча каяка кетип жатканы да белгисиз”.
“Ош–-Эркеч-Там” айдоочулар коомунун төрагасынын орун басары Исабай Сулайманов өз сөзүндө:
“Бул дагы бир коррупциялык схема. Жол фондун түзбөй эле, мурун салынган жолду көздүн карегиндей сактап, жүктү норма менен ташып, жол бузулбаса болот эле. Жол аныкталган салмактан ашкан жүк ташыганда бузулат. Биз бул маселени канча жылдан бери козгоп келатабыз”.
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайыпбаев аларга жооп берип, мекеме бул маселе боюнча талкууга даяр экенин белгиледи:
“Маселелерди туура түшүнөм. Жол фонду боюнча угуу болгондо да айттым эле келсеңиздер болот, эшигим дайыма ачык деп. Бирөөңүздөр да келген жоксуңар. Жол фондунун байкоочу кеңешинде сиздер менен тыгыз иштегенге даярмын. Ашыкча жүк ташуу боюнча коррупциялык элементтер бар экени айтылууда – ал боюнча биз азыр сынак өткөрүп, атайын компания түзүп жатабыз. Ал жүктүн салмагын текшерип, уруксат берүү ишин толук автоматташтырат”.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондун түзүү тууралуу чечим Министрлер кабинетинде быйыл 19-январда кабыл алынган. 2023-жылдын 1-январынан иштеп баштайт деп пландалып жаткан фондго чогулган акчанын эсебинен жолдор оңдолуп, тейленери айтылууда. Бул үчүн айдоочулар мамлекетке үч түрдүү төлөм төгүүгө милдеттүү болот. Баштапкы маалыматка караганда, жыл сайын өлкөдөгү 34 миң чакырым жолду тейлөөгө 10 миллиард сом талап кылынат.
Бүгүнкү күндө өлкөдө машинасы барлар мамлекетке жыл сайын салык төгүп турушат. (RK)