Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:47

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова милицияга чакырылганын билдирүүдө


Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) 10-бөлүмүнүн башчысы Шумкарбек Сулайманов тарабынан 14-ноябрда, кечинде аңгемелешүүгө чакырылган.

Бул тууралуу укук коргоочу Фейсбуктагы баракчасына жазып, "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда аңгемелешүү көчөдө болгон.

"Жанымда адвокат Чынара Жакупбекова бар эле. 10-бөлүмдүн башчысы менин Фейсбукка жазгандарымды сындады. Көрсө менин жазгандарым жабык маалыматтар экен. Кайсы маалыматтар жабык экенин айткан жок. Менин жазгандарымды үчүнчү күчтөр пайдаланып кетиши ыктымал экен. Аягында "Кемпир-Абад боюнча менин өз оюм бар, жетекчиңе ушуну айта бар" дедим", - деди укук коргоочу.

Укук коргоочу милиция караңгыда, көчөдө мындай аңгемелешүүгө эмне зарылдык болгонуна түшүнбөгөнүн, бул боюнча Ички иштер министрлигинен (ИИМ), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен жана Башкы прокуратурадан түшүндүрмө күтөрүн кошумчалады.

Азырынча бул күч түзүмдөрү укук коргоочунун маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Азиза Абдирасулова 20 жылдан ашуун убакыттан бери укук коргоочулук менен алектенип келет. Ал негиздеген "Кылым шамы" уюму тынч чогулуулардын, ой-пикирдин эркиндигин, жабык жайларда кармалып тургандардын укуктарын, жабык жайларда кыйноого кабылгандардын жана башка укугу бузулган адамдардын укугун коргойт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG