Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Си Цзинпин менен Жо Байден биринчи жолу жолукту


Си Цзинпин менен Жо Байден. Индонезия, 14-ноябрь 2022-жыл
Си Цзинпин менен Жо Байден. Индонезия, 14-ноябрь 2022-жыл

Кытай жана АКШ лидерлери 14-ноябрда Индонезиянын Бали аралында жолугушту. Си Цзинпин менен Жо Байдендин кездешүүсү эки өлкөнүн мамилелери соодадан баштап Тайвань маселесине чейинки пикир келишпестиктерден улам начарлап кеткен учурда өттү.

Чоң Жыйырманын саммитине барган жетекчилер Байден президент болуп шайлангандан бери биринчи жолу бетме-бет кездешти. Алар кол алышып учурашты.

Кытайлык Синхуа агенттиги кабарлагандай, Си Цзинпин Бээжин менен Вашингтон келечекти аныктоодо тарыхты күзгү катары колдонууга тийиш деп билдирди. Өз кезегинде Байден Кытай менен “мамилелердин пайдубалын”, эки өлкө ортосундагы атаандаштыкты тескеген эрежелерди иштеп чыгууну камсыздоо аракетин көрөрүн буга чейин айткан. Ошол эле маалда президент олуттуу чегинүүлөргө барбасын, бирок лидерлердин “кызыл сызыкты” аныкташын каалай турганын белгилеген.

Жолугушууга чейин америкалык расмий адамдар тараптар акыркы айларда алакаларды оңдоонун үстүнөн иштеп келишкенин билдирген.

Шейшембиде расмий башталып жаткан саммит орус президенти Владимир Путинсиз өтмөкчү. Орусиялык делегацияны тышкы иштер министри Сергей Лавров баштап барды. Украин президенти Владимир Зеленский саммиттин катышуучуларына видеодон кайрылмакчы.

Бээжин Москванын стратегиялык өнөктөшү экенин айтып келет жана Украинага кол салуусун айыптаган эмес. Ошол эле маалда, Батыш медиасы белгилегендей, кытайлык фирмалардын санкцияларга туш болбошу үчүн Орусияга согушта колдонууга мүмкүн болгон техниканын берилбешине көз салууда.

XS
SM
MD
LG