Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкекте акча алмаштыруучу беш жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду


Акча алмаштыруучу жай. Иллюстрациялык сүрөт.
Акча алмаштыруучу жай. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергени үчүн Бишкектеги акча алмаштыруу беш жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду.

Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, "Аю Гранд Комфорт", "Бермет Гранд", "Жетиген трейд", "ТС Финанс" жана "Красная Звезда Кей Джи" акча алмаштыруучу жайлары 21-ноябрга чейин убактылуу иштебейт.

Мындан сырткары мыйзам жана талаптарды бузганы үчүн "Экспо мани" акча алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарып алынганын билдирди.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Европа өлкөлөрү жана АКШ Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды салып рублдин куну түшүп, доллардын баасы өсүп кеткен. Анын таасири Кыргызстанга да тийип, акыркы жылдары 85 сомдун тегерегинде кармалып турган доллар 106 сомго чейин чыгып, кийин кайра турукташкан.

Ушул күндөрү бир АКШ доллары коммерциялык банктар менен акча алмаштыруучу жайларда 83,5-84,5 сомго бааланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG