Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:50

Орусия 200 америкалыкка өлкөгө кирүүгө тыюу салды, арасында Байдендин жакындары бар


Валери Байден Оуэнс, АКШ президенти Жо Байдендин бир тууганы.
Валери Байден Оуэнс, АКШ президенти Жо Байдендин бир тууганы.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 200 америкалыктын өлкөгө киришине тыюу салды. Арасында АКШ президенти Жо Байдендин жакындары дагы бар. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Орусияга кирүүгө тыюу салынгандардын катарында генералдар, Украинанын Коргоо министрлигинин америкалык кеңешчилери, АКШнын юстиция министринин орун басары, коргонуу ишканаларынын жетекчилери, Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер бар. Мындан сырткары 200 кишинин катарына АКШ президентинин бир туугандары Жеймс, Френсис жана Валери Байден кирген.

Орус ТИМинин санкциясына спутниктен сүрөт тарткан Maxar Technologies компаниясынын бир канча кызматкери дагы кирген. Мартта-апрелде Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган сүрөттөрдү тараткан. Анда орус армиясынын кербени Донбасс аймагын көздөй баратканы жана Бучанын көчөлөрүндө жаткан сөөктөр көрүнгөн.

Тизмеге Украинадагы согуштун жүрүшүн жана орус командачылыгындагы жагдайды баярдап турган АКШдагы Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттери, Politico басылмасынын редактору Мэттью Камински менен тарыхчы Энн Эпплбаум дагы кирген.

ТИМ бул кадамдар Байдендин администрациясына жооп катары киргизилгенин белгилеген.

Орусия Укрианага басып киргенден бери АКШ орус агрессиясын колдогон орус жарандарына карата санкцияларды киргизип келет. Сентябрдын соңунда санкциялык тизмеге жүздөгөн адам кирген.

АКШнын санкциялык тизмесине вице-премьер Александр Новак, Борбордук банктын жетекчисинин орун басары Ольга Скоробогатова жана Федерациялар кеңеши киргизилди. Мындан сырткары Мамдуманын жана Федералдык кеңештин мүчөлөрү Сергей Миронов, Андрей Клишас, Константин Косачев, Елена Мизулина, Людмила Нарусова, Леонид Слуцкий жана башкалар да кошулган.

Тизмеге премьер-министр Михаил Мишустиндин, Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко жакындары, коргоо министри Сергей Шойгунун, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин, Москванын мэри Сергей Собяниндин, Санкт-Петербургдун губернатору Александр Бегловдун жакындары, теле алып баруучу Ксения Собчактын апасы Людмила Нарусова да киргизилген.

XS
SM
MD
LG