Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Журналисттер Украинадагы согушта Орусиянын 8700дөн ашуун аскери каза болгонун тастыктады


11-ноябрга карата Украинадагы согушта 8712ден кем эмес орус аскери набыт болгон.

Алардын кеминде 163ү согуш талаасында каза болгон мобилизацияланган орусиялыктар. Жоготууларды Би-Би-Синин орус кызматы жана Mediazona ыктыярчылар тобу менен бирге эсептеп чыгышкан.

Каза болгондордун жалпы санынан 1278 адам, башкача айтканда 16% офицерлер. Арасында төрт генерал жана 44 полковник бар. Өлгөндөрдүн 2400дөн ашыгы элиталык адистер: атайын бөлүктөрдүн жоокерлери жана офицерлери, деңиз аскерлери жана аскер учкучтары. Согуштун тогузунчу айына карата жоготуулардын эң көп саны – 18% жөө аскерлерге туура келет. Согушта каза болгондордун көбү Краснодар крайынан. Алардын саны 365. Өлгөндөрдүн саны боюнча экинчи орунда Дагестан турат - 338. Андан кийин Буриятия 332 аскеринен айрылган.

Жалпысынан 198 мобилизацияланган орусиялык каза болгону белгилүү, алардын 35и Орусияда өлгөн. Маалыматка караганда, алар көбүнчө жүрөк оорусунан, кырсыктан же алкоголдук ичимдиктен көз жумган. Ошол эле учурда журналисттер белгилегендей, мобилизация болгондор арасында реалдуу жоготуу көбүрөөк болушу мүмкүн, анткени каза болгондор тууралуу көптөгөн маалыматтарда алардын макамы көрсөтүлбөйт.

Журналисттер өлгөндөр тууралуу маалыматтарды согуш башталган учурдан тартып чогултуп келет. Бул тизмеге адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат ачык булактар аркылуу тастыкталган учурда гана киргизилет. Басылмада белгиленгендей, тизмеде өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда көмүлгөндөн кеминде 40-60% аз болушу мүмкүн. Журналисттер Орусиянын 60тан ашык конуштарындагы көрүстөндөрдүн абалын изилдеп, ушундай жыйынтыкка келишкен.

"Демек эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, орус армиясы менен Улуттук гвардиянын Украинадагы жоготуулары 17 400дөн ашык адамды түзүшү мүмкүн", - деп жазат басылма.

Орусиянын Коргоо министрлиги жоготуулар тууралуу акыркы жолу мобилизация башталган күнү – 21-сентябрда маалымат берген. Министр Сергей Шойгунун айтымында, жоготуулар 5937 адамды түздү. Пентагон алардын эсеби боюнча Орусия жана Украинанын жоготуулары менен жарадар болгондордун саны ар биринде 100 миңдей адамга жеткенин ноябрь айында билдирген.

XS
SM
MD
LG