Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:27

Төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шек саналып камалганы кабарланды


Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт. 9-ноябрь, 2022-жыл.
Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт. 9-ноябрь, 2022-жыл.

Төкмө акын Болот Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканын, жакындары ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын айтып жатышат.

Бул тууралуу жазуучу, публицист Олжобай Шакир Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы 9-ноябрда Б. Н. аттуу жаран бирөөнүн жылкысын тартып алууга шек саналып кармалганын "Азаттыкка" маалымдады.

"7-ноябрь күнү Москва РИИБүнө Беловодское айылынын тургуну М.И. арыз менен кайрылган. Анда ал 7-ноябрь күнү түштөн кийин Москва районунун Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши өспүрүм баласы, 2008-жылы туулган М.Юнин минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүү үчүн сурап алып, мингенден кийин баласына күч колдонуп, окуя болгон жерден из жашырып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган", - деп жазылган маалыматта.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("тоноо") менен катталып, 8-ноябрда кылмыш иши козголгон.

Милициянын маалыматында 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран учурда кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, уурдалган жылкы далил катары алынып, тергөө амалдары жүрүп жатканы айтылат.

Төкмө акын Болот Назаров Ютубга жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келгени менен таанылган.

Аны быйыл январда милиция иликтөөчү журналист Болот Темиров менен чогуу кармап, камакка алган. Көп өтпөй эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировду маңзат жана паспорт иши боюнча актаган. Ал эми "документ жасалмалоо" деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чарасы чегерилген эмес. Болот Назаровдун ишин кароо уланып жаткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG