Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Электрондук тамеки жана вейп тартууга тыюу салуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда электрондук тамекиге жана вейп (электрондук тамеки же кальян) тартууга тыюу салуу сунушталууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов демилгелеген “Кыргызстандын аймагында никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын жана электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салуу жөнүндө”, “Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорлору парламенттин расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга чыгарылды.

Анын негиздемесинде мыйзам электрондук тамеки чыгарган заттардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасиринен коргоого багытталганы жазылган.

"Электрондук тамекилердин зыяны кадимки тамекилерге караганда азыраак экенине, алар тамеки чегүүгө пайдалуу альтернатива экенине ишенет. Бул андай эмес, терс кесепеттери буга чейин изилденген жана ишенимдүү аныкталган, бул жерде алардын кээ бирлери. Вейптин же электрондук тамекинин аэрозолу кадимки тамекилер сыяктуу өпкөнүн кыска мөөнөттүү сезгенүү реакциясын пайда кылат. Мындан тышкары, никотинсиз суюк буулар олуттуу зыян алып келиши мүмкүн", - деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Кыргызстанда 2019-жылы билим берүүчү бардык жайларда, балдар эс алуучу менчик жана коомдук жайларда, саламаттык сактоого тийиштүү, өрт чыгуу коркунучу бар бардык жерлерде чылым чегүүгө тыюу салынган.

Кальян, ысытылган тамекинин түрлөрүн атайын уруксат берилген жайларда гана чексе болот. Тыюу салынган жерлерде тамеки тарткан адамдарга 1 миң сом, мекемелерге 5 миң сом айып пул салынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG