Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Кемпир-Абад иши: Журабаева камакта калды


Гүлнара Журабаева сот залында. 9-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек
Гүлнара Журабаева сот залында. 9-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек

Бишкек шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналгандардын бөгөт чарасын карай баштады.

Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны эки айга камакка алуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камаган.

Адвокат Бакытбек уулу Автандил сот тергөөнүн жана прокурорлордун мыйзам бузууларына көңүл бурган жок деп эсептейт:

"Соттор тергөөнүн жана прокурорлордун процесуалдык мыйзам бузууларына көңүл бурбай туруп ушундай чечимге келгени таң калтырып жатат. 63 жаштагы аялды эмнеге кармап отурат, кандай зарылчылык бар? Айыптоонун өзү абсурд... Айрым каналдардан Журабаеванын үнү жарыяланып жатат. Ал жерде эч кандай кылмыштын курамы жок. Анткени ал Кемпир-Абад маселеси боюнча актуалдуу маалыматтарды элге жеткиришибиз керек деп жатат. Ошол жерде жети жылдан 10 жылга чейин камап жибере турган кылмыштын курамы болсо анда бардыгын эле камай бербейби бийлик", - деди жактоочу Бакытбек уулу Автандил.

Ушул эле күнү график боюнча Кеңешбек Дүйшебаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбеков жана Перизат Суранованын бөгөт чарасы каралат.

Кармалып, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан Талант Эшалиев шаардык сотко апелляциялык арыз жазган эмес.

Калгандарынын иши 10-11-ноябрда каралат.

Кыргызстанда "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрү күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

Бир катар укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбесин айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалап жатат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигин жапырт камалгандарды тез арада бошотууга чакырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG