Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:38

Масадыков Кабулда “Талибан” өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолукту


Таалатбек Масадыков менен Шер Мохаммад Аббас Станикзай. Кабул, Ооганстан.
Таалатбек Масадыков менен Шер Мохаммад Аббас Станикзай. Кабул, Ооганстан.

6-ноябрда Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков Кабулда Ооганстанды башкарып жаткан бийликтин жетекчилиги менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-ноябрда кабарлады.

Масадыков иш сапардын жүрүшүндө “Талибан” өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен өз өзүнчө жолугушту.

Кыргызстандын ТИМи кабарлагандай, жолугушууларда регионалдык коопсуздук жана эки тараптуу соода-экономикалык, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана транспорттук жолдор менен ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүү маселеси талкууланды.

Масадыков 2021-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турганда Ооганстанга барып, талибдердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп келген. Быйыл апрелде ал президенттин өзгөчө тапшырмалары боюнча атайын өкүлү болуп бекиген.

Масадыков быйыл июлда Ташкент шаарында өткөн “Ооганстан: коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эки күндүк эл аралык конференциянын алкагында да талибдердин өкүлдөрү менен кездешкен.

Былтыр Кабулда бийликти басып алган талибдердин өкмөтүн азырынча бир да мамлекет расмий тааный элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG