Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Иран: Белужистандагы башаламандыкта полициянын төрт офицери өлтүрүлдү


Ирандын илим жана технология университетиндеги нааразылык акциясы.
Ирандын илим жана технология университетиндеги нааразылык акциясы.

Белужистан аймактык полиция башчысы Ираншахр-Бампур автожолундагы полиция бекетинде төрт кызматкер өлтүрүлгөнүн өкмөттүк IRNA телеканалына билдирди. Ал кылмышты иликтөө иштери башталганын дагы айтты.

Тегеранда адеп-ахлак полициясы “хижаб салынуу эрежесин бузганы” үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини абакта каза болгондон кийин башталган нааразылык толкуну өлкөнүн ар кайсы аймактарында уланууда.

Социалдык тармактарда өкмөттүк күчтөрдүн нааразылыкка чыккандарга зордук-зомбулук менен жооп кайтарганын көрсөткөн видеолор тарап жатат. Ослодо жайгашкан Ирандын адам укуктары уюмунун белгилешинче, куугунтукта кеминде 277 адам, анын ичинде 40 бала мерт болду.

Күрдистандын Адам укуктары тармагы жана Hengaw адам укуктары уюму 1-ноябрда Ирандын батышындагы Бане шаарындагы видеокөзөмөл камераларынан бир жаранды куралдуу коопсуздук күчтөрү атып салганын көрсөткөн видеону жарыялашты.

5-ноябрда бийликтин катаал чараларына карабай, Ирандын университеттеринде каршылык акциялары уланды.

XS
SM
MD
LG