Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Херсондун түштүгүндө кармаш күчөдү, эвакуация уланууда


Херсон облусунда украин армиясы колдонгон HIMARS техникасы, 29-октябрь, 2022-жыл.
Херсон облусунда украин армиясы колдонгон HIMARS техникасы, 29-октябрь, 2022-жыл.

Орусиянын жана Украинанын күчтөрү Херсон облусунун түштүгүндө бир нече жерде артиллериядан атышканын эки тараптын тең расмийлери бышыктады. Москва дайындаган облус бийлиги Днепр дарыясынын батыш жээгинен элди эвакуациялоону улантууда.

Ал ортодо Украинанын улуттук электр тармактары Киевде жана башка жети региондо жарыкты маал-маалы менен өчүрө турганын жарыялап, мунун орус армиясынын соккуларынан кийинки оңдоп-түзөө иштерине байланыштырды.

Күн сууктаган сайын Украинада эл электр энергиясын көп пайдаланып, электр тармактар ишканасы жарык менен камсыз кылуу үчүн улам талкаланган жерлерин оңдоонун аракетинде.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы Луганск жана Донецк облустарынын чыгышында орус армиясынын чабуулунун алдын алганын бир күн мурун кабарлады. Украинанын абадан коргоонуу системасы орустар учурган ирандыктардын бир нече дронун жана “Калибр” үлгүсүндөгү эки канаттуу ракетасын атып түшүргөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо азырынча мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG