Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Кыргызстанда дагы эки банк Орусиянын “Мир” картасы боюнча тейлөөнү токтотту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дагы эки коммерциялык банк Орусиянын “Мир” картасы боюнча кардарларды тейлөөнү токтотту. Алар - «Бай Түшүм» жана «Оптима» банктары.

Буга чейин мындай чечим кабыл алганын кыргызстандык 11 банк расмий жарыялаган.

Өлкөнүн төлөм системаларынын ишин жөнгө салган Улуттук банк коммерциялык банктар бул жаатта өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу экенин билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө “Мир” картасы же Орусияга салынган санкциялар тууралуу сөз болгон эмес, бирок “Кыргызстан» банкы мунун себеби Орусия туш болгон санкцияларга байланыштуу экенин ачык маалымдаган. Башка банктар “техникалык себептен улам” деген жүйөө келтиришкен. «Мир» боюнча иштөө токтогону Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө жана Түркияда да катталган.

Бул кадам Батыштын санкцияларынан коргонуу максатын көздөйт. Орусия Украинага басып киргенден кийин эл аралык каржы институттары орус банк системасына бир катар чектөөлөрдү киргизген.

XS
SM
MD
LG