Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

ИИМ кош бойлуу журналист "опузалоого" шек саналып кармалганын билдирди


Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди.
Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди.

Ички иштер министрлиги кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "опузалап акча талап кылуу" фактысын иликтөөнүн алкагында кармалганын билдирди.

"3-ноябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан алардын 2016-2017-жылдардагы аудио жазууларды таратарын айтып опузалап акча талап кылып жүргөн бир катар адамдар 2 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Негизги кылмышка шектүү "МИР24.кж" маалымат порталынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун пиар-менеджери С.С.К аттуу жаран. Бул ишке байланыштуу аталган маалымат порталдын оператору Б.у.К жана "Жорго-такси" компаниясынын айдоочусу М.М.Х кармалды. Кылмыш ишин тергөө уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Милиция кош бойлуу журналисттин саламаттыгы тууралуу маалымат берген жок.

Сатыбалдиеванын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Санрабия Сатыбалдиева 3-ноябрда түндө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына 48 саатка камалганын билдирди.

Анын айтымында, кош бойлуу журналист абалы начарлап ооруканага жеткирилди. Анын алдында дагы милициядан ооруканага жеткирилип дарыгерлер "боюнан түшуп калуу коркунучу бар" деген корутунду чыгарган. Учурда үйүндө эки жашар кызы калганы кабарланууда.

Абдирасулова Санрабия менен кошо оператор Калыс Ашырбаев дагы камалганын жазды.

Сатыбалдиева жаз айынан бери Бишкекте жашап жаткан, ага чейин Жалал-Абад шаарында “Аймак”, “Взгляд” гезиттеринде жана жеке менчик “Чолпон ТВ” телеканалдарында кабарчы болуп иштеген.

Ал социалдык тармактарда бийлик өкүлдөрүн сындаган билдирүүлөрдү жазып жүргөн.

XS
SM
MD
LG