Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Салык кызматы: контрабанда товарлары машина менен кошо конфискацияланат


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы аткезчилик жол менен ташылган товарлар машинасы менен кошо конфискация болорун эскертти. Мекеме тараткан маалыматта мыйзамсыз товар ташууга каршы иш-чаралар күчөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

"Президенттин 5-сентябрындагы жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкөгө Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден эсепке алынбаган товарларды ташып келүүгө бөгөт коюу иштери күчөтүлдү. Тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок товарларды ташып келүү фактылары аныкталган учурда, товар жана аны ташып келген машина кошо конфискацияланат (тартып алынат). Ушуга байланыштуу, Салык кызматы импорттоочу ишкерлерди өлкө мыйзамдары так сактоого чакырат", - деп жазылган маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, көмүскө экономика 2020-жылы ички дүң өндүрүмдүн көлөмүнө карата 23-24% болгон, ал эми 2021-жылы 20,5% түшкөн. Айрым бир көз карандысыз эсептөөлөргө ылайык, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү 40% ашат.

XS
SM
MD
LG