Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Украинадан дан жүктөгөн кемелер кайрадан Кара деңизге чыкты


Украинадан дан жүктөп чыккан кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинадан дан жүктөп чыккан кемелер. Иллюстрациялык сүрөт.

3-ноябрда Кара деңиздеги украин портторунан айыл чарба продукцияларын жүктөгөн жети кеме жолго чыкты. Бул тууралуу Украинанын Инфратүзүм министрлиги кабарлады.

Кемелерге 290 миң тонна дан, тамак-аш азыктары жүктөлгөн. Алар Босфор кысыгы аркылуу Түркиядан өтүп, андан ары Европа жана Азия өлкөлөрүнө багыт алат.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолгон.

Москва Крым жарым аралындагы аскердик кемелер талкаланган соң, 29-октябрда бул келишимден чыгып кеткенин жарыялаган. Түркия менен Украина үч-төрт күн украин данын ташыган кемелерди Орусиянын кепилдиги жок чыгарып, 2-ноябрда убактылуу токтоткон эле.

Шаршемби күнү түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, Москва "дан келишимин" улантууга кайрадан макул болгонун жарыялады. Келишим жанданганын Орусиянын Коргоо министрлиги да ырастап, дан жүктөгөн кемелер "курал-жарак ташыбашы керек" деген талабын кайталады.

Кемелер буга чейин эле аталган шарттарды аткарып келаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG