Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Депутат Жеңишбек Токторбаев малдан салык алууну сунуштады


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаев айыл-кыштактарды дотациядан чыгарууга байланыштуу бир катар сунуштарын жарыялады. Ал парламенттин 3-ноябрдагы жыйынында анын бир чарасы катары мал-жандыктан салык алуу керектигин билдирди.

"Бодо малга, жылкыга жана койго салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Азыр орточо эсеп менен жылкынын баасы 70 миңден 100 миңге чейин. Ири мүйүздүү малдын баасы 60-80 миңге чейин, койдун баасы болсо 12 миңден 17-18 миңге чейин. Эгер салык киргизе турган болсок, койго жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга, жылкыга жылына 200-250 сомдон салык салсак, бир жылда айыл өкмөттөргө 1,5 миллиард сом акча түшөт. Ошондо айыл өкмөттөр борборду, өкмөттү карап, кол куушуруп отурбайт",-деди Токторбаев.

Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 миллион бодо мал катталган. Кой-эчкинин саны 6 миллионго жеткен, жылкынын саны 467 миң.

Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын.

XS
SM
MD
LG